Мектеп окуучулары үчүн каржылык сабаттуулук боюнча жыйнак жарык көрдү

Макаланы жазган: Алтынай Арстанбекова

Бүгүн Бишкекте 10-11-класстын окуучулары үчүн окуу китебинен жана жумушчу дептерден, ошондой эле усулдук окуу китебинен турган жыйнактын бет ачаары болуп өттү. Китеп жыйнагын чыгарган уюмдардын айтымында бул азем эгемендүүлүк майрамынын урматына карата уюштурулган.

Кыргызстандын ар бир жаранынын келечеги анын каржылык сабаттуулугунан көз каранды деп эсептешет жыйнактын демилгечилери.

Окуу-методикалык жыйнакты даярдоо демилгеси мындан 4 жыл мурун пайда болгон. Ошондо Өнүктүрүү саясат институту «Эмне үчүн окуучуга мектеп бюджети тууралуу билим зарыл?»-деген суроону коюп, жеке жана коомдук каржыны(финансы)башкаруу тууралуу билимди мектепте жүргөндө эле алыш керек деп атайын жыйнак чыгарууну максат кылган.

Бүгүнкү аземге республиканын ар бир аймагындагы мектептерден мугалимдер чакырылды.

«Каржылык(финансы)эркиндиктин ачкычы» окуу-методикалык жыйнагын Кыргыз билим берүү академиясынын окумуштуулар кеӊеши жактырган.Бул жыйнак сөзсүз түрдө окутулчу сабактардын тизмесине киргизилбесе да жалпы билим берүүчү мектептерде окуу планынын мектептик компонентинин эсебинен класстан тышкаркы сабактар үчүн «Адам жана коом/Экономикага киришүү» курсунда, ошондой эле факультативдерде жана ийримдерде колдонууга сунушталган. Бул басылма Өнүктүрүү саясат институту менен Билим берүү демилгелерин колдоо фондунун биргелешкен ишинин алкагында даярдалган. Китеп Швейцариянын Өнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги аркылуу каржыланган.

Жумушчу дептер жогорку класстардын окуучуларына жардам катары иштелип чыгып, сабакта жана сабактан тышкаркы практикалык көнүгүүлөрдү өзүнө камтыйт. Окуу китебинде болсо финансылык сабаттуулук, жеке каржылык коопсуздук, акчаны натыйжалуу башкаруу,жарандардын финансы институттар менен байланышы, жеке бюджетти башкарууну өздөштүрүү жана финансы долбоорлорун иштеп чыгууга үйрөтөт. Методикалык окуу китепте мугалимге жардам катары методикалык сунуштамалар бар.

Өнүктүрүү саясат институтужергиликтүү жамааттарга жана башкаруу органдарына ар бир адамдын татыктуу жашоого болгон укугун ишке ашырууга көмөк көрсөтүүдө алгылыктуу иш-аракеттерди жасап келет. Акыркы 3 жылдын ичинде бул институт тарабынан мектептин бюджети боюнча 72 коомдук угууларды 64 мектепте өткөрүүгө жардам берген. Ал угууларга 33 116 адам катышкан.Конференциянын соӊунда массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен мындан ары жаштар арасында финансылык сабаттуулукту жою,жеке бюджетти башкарууну жайылтуунун жолдору туурасында пикир алмашуулар болуп өттү.

Ой-пикир кошуу

кирүү