Тергөө абагында отурган жубай менен кантип ажырашса болот?

Сүрөт / Pixabay

Макаланы жазган: Замир Жоошев

Суроо: Тергөө абагында отурган күйөөм менен кантип ажырашам?  Жолдошум экөөбүздүн үй-бүлөө курганыбызга 7 жылдан ашты. Ортобузда жаш балабыз бар. Жашаган жерим боюнча ажырашуу жөнүндөгү арыз менен сотко кайрылайын дегем. Өмүрлүк жолдошум азыр тергөө абагында отурат, ал менин ажырашуу ниетимди билбейт.Күйөөм кылмыш иш боюнча айыпталган, соттун өкүмү чыга элек. 

Ажырашуу жөнүндөгү арызымды сотко бергенден кийин мен кандай иш-аракеттерди көрүшүм керек? Ажырашуу боюнча күйөөмө айтышым керекпи? Эгерде жолдошум ажырашпай турган болсо мен берген арыздын негизинде сот бизди ажыраштыра береби?

Жооп: Эгерде аялы менен күйөөсүнүн ортосунда жашы жете элек балдары болсо анда алар бир гана сот аркылуу ажыраша алат.(КРнын Үй-бүлө кодексинин 22-беренеси) Бирок, бул эреженин төмөнкүдөй өзгөчөлүктөрү бар. Үй-бүлө жубайларынын ортосунда жашы жете элек балдарынын бар экенине же жоктугуна карабай, аялы же күйөөсүнүн арызы боюнча жарандык абалдын актыларын каттоочу орган (ЗАГС) үй-бүлөнү ажырата алат, эгерде өмүрлүк жолдошу:

— сот тарабынан дайынсыз жок болду деп табылса;

— сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылса;

— кылмыш жасагандыгы үчүн сот тарабынан 3 жылдан ашуун мөөнөткө эркинен ажыратылса; (КРнын Үй-бүлө кодексинин 20-беренеси).

Сиз сүрөттөп берген окуяга жогорудагы 3 жагдай дал келбейт. Сиздин ажырашуу туурасындагы оюӊуз бир гана соттук тартипте чечилет.

Сот карап жаткан ар бир жарандык иште бардык катышуучулар сот тарабынан соттук отурумдун убактысы менен өтө турган жери жөнүндө кабарланат. (КРнын Жарандык-процессуалдык кодексинин 128-беренеси). Сот процессинин катышуучуларына кабар колуна тийгендигин тастыктаган билдирүүсү менен тапшырык кат аркылуу арызда жазган дарекке жөнөтүлөт. Андыктан ажырашуу туурасындагы арызды жазууда жооп берүүчү адамдын жашаган дарегин толук жазып, анын тергөө абагында отурганын кошумча маалымдашыӊыз керек.

Жооп берүүчү тарап ажырашуу туурасында кабардар болот.Ал үчүн сот тарабынан тергөө абагынын жетекчилигине соттолуп жаткан жаранды сот процессине алып келүү талабы коюлат.

Эгерде жубайлар ажырашуу туурасында бир пикирде болсо, анда сот ажырашуу себебин аныктабай туруп никени бузат. Эгерде сиздин күйөөӊүз сот отурумунда ажырашууга макул эместигин билдирсе – анда сот жубайларды жараштыруу аракетин көрүп, жарашуу убактысына 3 ай мөөнөт берүү менен ишти кароону башка убакытка жылдырат.(КРнын Үй-бүлө кодексинин 23-беренеси).

Ой-пикир кошуу

кирүү