Радикалдашуу жана алдын ала чаралар тууралуу ой-пикир

Макаданы жазган: Гульнура Торалиева

Социалдык тармактарды көзөмөлдөө бул чеберчиликти талап кылган
татаал эмгек. Бул жерде сөз эркиндигинин орду каякта экенин жана кай жерде экстремизм орун алганын байкаш керек. Баарын эле бир бурчка такап күнөөлөгөн туура эмес.
Радикалдашуу көйгөйү ушунчалык олуттуу маселе болгондуктан аны
чечүүдө мамлекет башка проблемаларга караганда ага артыкчылык менен көӊүл буруш керек. Мамлекет тарабынан Өкмөт башчы көзөмөлгө алып, жер-жерлерде так аткарылчу ачык-айкын жана ар тараптуу улуттук план иштелип чыгыш керек. Социалдык көйгөйлөрдү чечиш үчүн комплекстүү түрдө иш алынып барыш керек. Тилекке
каршы,радикалдашуу көйгөйү коомдук маселелерге тыгыз байланышып калган. Сапаттуу билим берилбегендиктен биздин жаштар ар дайым сын көз караштагы ой жүгүртө албайт, сабырдуулугу жок жана
керектүү жөндөмдөрү жетишпейт.
Өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыра албагандыгы, бош убактысын
туура пайдалана билбеши, коомго сүӊгүп аралашып кете албашы башка
терс, коркунучтуу жайларга алып барат. Аймактардагы негизги көйгөйлөр жөнүндө сураганымда баары бир ооздон театр, кинотеатр жана парктардын жоктугун айтышты.
Жаштардын жакшы жашоо издеп чет жакка жөнөп кетиши мамлекеттин
бүгүнкү күндөгү системасынын абалын көрсөтүп жатат. Чет өлкөдө алар көп учурда экстремисттик уюмдарга кабылышат.
Ошондуктан социалдык иш-чаралардан эӊ биринчи бала-бакча менен мектептерде кескин ой-жүгүртүүгө үйрөтүү, жаштардын бош убактысы үчүн чыгармачылык жана спорт менен машыгууга шарт түзүп берүү керек.
Билим берүү мекемелерин, спорттук клубдарды,чыгармачыл ийримдерди
жана арт борборлорду түзүү демилгелерин колдоо зарыл.
Социалдык кызматтагы жарандар менен мектептер билимге үйрөтүүчү, түрдүү изилдөөлөрдү жүргүзгөн жана кырдаалды байкай билген маалымат борборлорун түзүш керек. Мисалы, Европада, күч
органдарынын бардык кызматкерлери ушул багытта билим алышат. Алар кооптуу жүрүм турумду аныктай алышат жана аны алдын алууну мыкты өздөштүрүшкөн.
Бир гана мамлекеттик кызматкерлерди гана эмес алардын ата-энелерин да окутуш керек. Ошондой эле сезимтал аймактарды аныктап алып, ишти ошол жактан башташ керек.
Материал толугу менен kaktus.media сайтына жарыяланган.

Ой-пикир кошуу

кирүү