Кыргызская Республика,
г. Бишкек
ул. Сыдыкова 187, офис 28
Макаланы жазган: Алтынай Арстанбекова
УКМК кызматкерлери аларга эскертүү бергенин массалык маалымат каражаттары жазып чыкты. Тыю салынган атрибутикаларды пайдалануу же көтөрүп жүрүүгө болбой тургандыгы жөнүндө түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлгөн.
Үстүбүздөгү жылдын 25-26-август эс алуу күндөрүндө белгисиз жаран социалдык түйүндөргө Сокулук районундагы Александровка айылында кара желек менен жүргөн автоунааларды көргөнүн жазып чыккан. Ал маалыматка ишенбегендер өз комментарийлерин жазышкан. Айрымдары кара желектеги арабча жазуулар тыю салынган эл аралык террористтик уюмга тиешелүү болгон ИГИЛдин желегине окшоштурганын айтышкан.Бир аздан соӊ ал окуянын видеосу да интернет айдыӊына желдей тарады. УКМК тараткан маалыматка ылайык GERBER AVTO CLUB унаа борборунун мүчөлөрү Москва районундагы психоневрологиялык балдар үй-интернатына кайрымдуулук жардам көрсөткөнү кетип бара жатышканы айтылат. УКМКнын басма сөз кызматы тараткан маалыматта УКМКнын кызматкерлери ал унаа ээлери менен дүйнө жүзүндө тыю салынган эл аралык террористтик уюмду элестеткен кара желекти пайдаланбоо жана көтөрүп жүрбөө керектиги боюнча профилактыкалык түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.Тийиштүү чараларды көрүү үчүн булл окуяга байланышкан бардык материалдар Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилгени маалым болду.
Автор: Бермет Джаныкулова Сүрѳт: Алина Печенкина Маалыматтарга жетүү – жарандардын маанилүү укуктарынын бири жана бул укук мыйзам жаратуу процессинде өзгөчө чоң роль ойнойт. Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө […]