Дарыгерлер судьядан баш тартканын билдиришти

Макаланы жазган: Алтынай Арстанбекова

№1- ​бейтапкананын ​дарыгерлери Ленин райондук сотунун судьясы Таалайг​ү​л Кадыркуловага ишти кароодон баш тартуусу боюнча ө​т​ү​н​ү​ч келтиришти.

Чүй проспектиси менен Фучик көчөсүнүн кесилишиндеги Ленин районунун жашоочуларын тейлеген №1-үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун ак халатчандары
бейтапкананын мурунку жетекчиси Айдарбек Шакировту мыйзамсыз акча чогулткан деп күнөөлөп 2017-жылы сотко кайрылышкан. Иш сотко ашып буга чейин 6 жолу соттук отурум болгон. 2018-жылдын 9-августунда болгон отурумда дарыгерлер судья Кадыркулованы Шакировтун жактоочусу Таалай Саатов менен сөзү бирге деп айыптап, судьядан баш тартуу маселесин көтөрүшкөн. Андан бери соттук процесстердин убактысы жылып отуруп,бүгүн 28-августка саат 14:00дө отурум болушу керек эле. Бирок, жооп берүүчү Айдарбек Шакировтун жактоочусу Таалай Саатов отурумга келген жок. Бул көрүнүшкө нааразы болгон дарыгерлер жактоочу Таалай Саатов атайын келбеди деп билдиришти.

Мындан сырткары сотко арызданган акушер-гинекологдор соттун жүрүшүнө жана судья Кадыркулованын аларга карата жасаган мамилесине нааразы экендиктерин айтышты. Бүгүнкү соттук отурум Шакировтун жактоочусу келбегенине байланыштуу 30-августка жылдырылды. Бирок, судья Кадыркулованын демилгеси менен атайын жумушун таштап сотттук отурумга келген дарыгерлердин судьянын баш тартуусун талап кылган өтүнүчүнө макул экендиги такталды.Келтирилген өтүнүч менен дарыгерлер макул экенин жана арызды толук колдой турганын билдиришти.

Ой-пикир кошуу

кирүү