Бишкек ботаникалык багы «Азия Тоо багы» болуп кайра жаралабы?

Макаланы жазган: Алтынай Арстанбекова

Бишкектеги ботаникалык бактын ордунда Азия Тоо багы пайда болот деп үмүттөнүшөт Э.Гареев атындагы илимий изилдөө институтунун окумуштуулары.

Бүгүнкү күндө Бишкектеги ботаникалык бактын акыбалы өтө начар экендиги журналисттер чогулган атайын жолугушууда айтылды. 160 гектар жерди ээлеген кооз бак-дарактар отургузулган Э.Гареев атындагы илимий изилдөө институту 1938-жылы негизделип, ушул күнгө чейин Борбордук Азиядагы эӊ ири ботаникалык багы болуп эсептелет. Өткөн кылымдан бери өсүп жемишин берген өсүмдүктөр менен бак-дарактардын миӊдеген түрү азыр жардамга муктаж. Ботаникалык бакты кайра жандандыруу максатында ушул институтта көп жыл эмгектенген илимий кызматкерлер тарбынан “Азия тоо багы” аталышындагы өнүгүү программасы иштелип чыгып, аны каржылоо маселеси боюнча мамлекет башчысына жана өкмөткө кайрылганбыз дейт институттун директорунун милдетин аткаруучу Гүлайым Донбаева.

Ботаникалык бакта 40-50 жылдан ашуун убакыт эмгектенген тажрыйбасы мол илимий кызматкерлер иштешет. Алар кыялданган “Азия тоо багы” долбоору Кыргызстандын улуттук сыймыгы болот деп ишенишет. Анткени бул ири бакка Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү бардык өсүмдүктөр алынып келинип өстүрүлмөкчү. Ири долбоордун негизги максаты сейрек кездешүүчү, уникалдуу жаратылышты изилдөө, жандандырып колдонуу аркылуу келечек муунга сактап берүү болуп саналат. Бишкек ботаникалык багы илимий изилдөө институтуна быйыл 80 жыл толот. Бүгүнкү күндө бул бакта 6500 өсүмдүктүн түрү өстүрүлүүдө.

Игорь Солдатов

Ботаникалык бак илимий изилдөө институтунун азык-түлүк өсүмдүктөрү лабораториясынын башчысы, биология илимдеринин кандидаты Игорь Солдатов ушул бакты өткөн кылымда негиздеп жетектеп турган Гареевдин окуучусу. Өсүмдүктөр дүйнөсүн мыкты билген аксакал 50 жылдан ашык убакыттан бери ушул институтта эмгектенет.Анын айтымында дүйнө жүзүндөгү эӊ таттуу жана мыкты деп эсептелинген кайноолунун сортторунун 10дугуна биздин кыргыз кайноолусу кирет. Игорь Васильевич Гареевдин окуучусу болгонуна жана ал залкар инсан менен көп жыл чогуу иштегенине сыймыктанаарын айтты.

2
6
11
13
16
14
15

Ботаникалык бакта 67 кызматкер иштегени менен бак-дарактарды күн сайын сугарып караган жумушчу күчтөр жетишпейт. Андыктан институтка көбүнчө айыл-чарба техникалары аба менен суудай керек. Мындан сырткары, илимпоздор Кыргызстандын аймагындагы бак-дарактардын ооруп жатканын айтышып,буга жеке жарандар өсүмдөктөрдү сатып алууда тажрыйбасы жок болуп, тийиштүү адистер менен кеӊешпегени себеп дешет. Өз үйүнө бак-дарактардын түрлөрүн же өсүмдөктөрдү эккиси келген жарандар башка өлкөлөрдөн каалаган чырпыкты көтөрүп келип өлкөбүздөгү бак-дарактарга көп оорууларды жуктурду деп эсептешет ботаникалык бактын илимий кызматкерлери.   

18
17
12
3

Ой-пикир кошуу

кирүү