Жолдо жүрүү эрежесине сегвей менен самокаттар баш ийеби?

Макаланы жазган: Алтынай Арстанбекова

Электр самокаттар, сегвейлер, моно дөӊгөлөк жана гироскутерлер акыркы мезгилде эл кеӊири пайдаланып калган каражаттарга айланды. Буга таӊ калуунун кереги жок. Анткени коомчулук кызыгып пайдаланган бул буюмдар дүкөндөрдө кеӊири сатылууда. Аларды өзгөчө интернет аркылуу тапшырык берип сатып алса болот.

Анча кымбат эмес акчага сиз жакшы буюмга ээ болосуз. Авто же адамдар тыгындары жок эле каалаган жерге жете аласыз, экологияга зыян келтирбеген пайдалуу унаа десек да болот. Чындыгында, батареясы өчүп калбашы үчүн чыӊдап заряддап туруу керек. Ошентсе да үйдөн-ишке жана жумуштан үйгө чейин жетип келе аласыз.

Биз көнүп калган самокатка караганда унаанын бул түрлөрүнүн терс жактары да бар. Электр самокатынын саатына  25-30 километр жүрө турган мотору бар. Мындай ылдамдыкта тротуарлар менен жолдо жүрүүдө унаа ээси кырсыкты алдын алуу үчүн жакшы тажрыйбасы болуш керек. Мисалы, кокустан алдыӊыздан бөбөк чуркап чыгышы ыктымал.

Айрым чет мамлекеттерде чоӊураак көлөмдөгү сегвей тепкендерге чоӊ жолдо жүрүүгө уруксат берилген. Бирок, сегвейдин ээсинин айдоочулук күбөлүгү болуш керек, жарык берүүчү фаралары,ошондой эле үн чыгарып белги бере алышы керек. Унаа ээси сегвейди сөзсүз түрдө кырсыктан камсыздандыруусу зарыл.

Бул маселе чет мамлекеттерде кантип жөнгө салынат?

Айрым өлкөлөрдө сегвей тепкендер жөө жүрүүчү катары эсептелет (Венгрия, Франция жана Чехияда); велосипед катары  (Люксембург жана Швецияда);  мотоколяска катары (Нидерланды менен Канадада); сегвей бул мопед деп (Гонконг, Дания, Германия,Япония жана Швейцария) эсептейт.

Эми, ушул унаа буюмдарын тебүүнүн укуктук жактарын карап чыгалы. Кыргыз Республикасынын  жолдо жүрүү эрежеси боюнча төмөнкүдөй аныктама берилген:

«Унаа каражаты — бул, жүргүнчүлөрдү же болбосо жүк ташуучу түзүлүш (механизм). Механикалык унаа каражаты — кыймылдаткыч менен кыймылга келген мопедден башка унаа каржаты саналат. Бул термин трактор менен өзү жүрүүчү (самоходные машины) машиналарга да тиешелүү.

Мотоцикл — капталында чиркелген орундугу бар же анысы жок эки дөӊгөлөктүү механикалык унаа каражаты. Мотоциклдерге чиркегичтери менен кошуп эсептегенде 400 килограммдан ашпаган салмактагы үч жана төрт дөӊгөлөктүү унаа каражаттары кирет.

Мопед – 50 куб сантиметрден ашпаган көлөмдөгү кыймылдаткыч менен кыймылга келген эки же үч дөӊгөлөктүү каражат. Мопед саатына 50 километрден ашпаган иштиктүү ылдамдыкка ээ. Мопеддерге асма кыймылдаткычы бар велосипеддер, мокики жана башка ушундай мүнөздөмөсү бар унаа каржаттары кирет.

Эки дөӊгөлөгү бар, отурган адамдын күчү менен жүргөн майыптар коляскасынан башка унаа каражаттары — велосипед деп эсептелет. Электр самокаты, сегвей, моно дөӊгөлөк и гироскутер Кыргыз Республикасынын жолдо жүрүү эрежелеринин тизмегине кирген унаа каражаттарынын түрүнө кирбейт.Бул кичи унаалар жолдо жүрө албайт: сегвейдин айдоочусу жолдун четинде коркунучтарга кабылат, ал эми тротуарларда жүргөндө жөө жүрүүчүлөргө коркунуч алып келиш мүмкүн. Ар бир унаа каржатынын түрүнө жараша өзүнчө жолдо жүрүү эрежелери болот. 

Жыйынтык:

Чукул арада Өкмөттүк деӊгээлде электр самокаттарын жана башка жаӊы технологиядагы унаа каражаттарын жөнгө салуу маселеси каралышы керек жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилиши зарыл.

Ой-пикир кошуу

кирүү