Бүгүн Жогорку Кеӊеш алдына пикетчилер чогулду

Макаланы жазган: Алтынай Арстанбекова

Бүгүн Жогорку Кеӊештин кезектеги сессиясы ишин баштады. Депутаттар 15 мүнөткө чогулуп, гимн жаӊырып, төрага Дастан Жумабеков бир жума бою комитеттерде иш жүрөөрүн айтып,сессия 12-сентябрда уланаарын айтып элди таратты. Бул учурда Жогорку Кеӊештин алдына колдоруна плакат кармаган эл чогулуп жатты. Алар колдоруна саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевке, президент Сооронбай Жээнбековко жазылган кайрылуулары бар плакаттарды көтөрүп алышкан. Пикетчилердин башында турган Рахат Сулаймановтун айтымында бөйрөк ооруусу менен жабыркагандар 5 жылдан бери рикармон деген дарыны ичип келишкен. Жакында дайындалган жаӊы министрди чогулгандар өз кызыкчылыгына иштеп жатат деп күнөөлөштү.

Пикетке чогулгандар Космосбек Чолпонбаевти дарыгер эместигин айтышып, дары саткан фармацевт деп күнөөлөшүүдө. 2018-жылдын 20-апрелинде дайындалган Космосбек Чолпонбаев жөнүндө Sputnik маалымат агенттиги атайын маалымат тараткан.Анда министрликке талапкер Чолпонбаевтин өмүр таржымалы жазылган.

Пикетчилердин айтымында жыл сайын рикармон дарысы тендер аркылуу 6 миӊ даана өлчөмүндө сатылып алынган болсо, 2018-жылдагы тендердин арты менен 35миӊ рипоитин дарысы сатып алына турган болгон. Буга чейин пикетчилер министрге кирип,сүйлөшкөн. Кийинчерээк расмий түрдө да кайрылышкан. Пикетчилер бийлик жактан жооп болмоюн аягына чейин күтө тургандыгын билдиришти.

Ой-пикир кошуу

кирүү