Бүгүн Жогорку Кеӊештин VI-чакырылышынын депутаттары кезектеги сессияга чогулушту

Сүрөт: Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы 

Макаланы жазган: Алтынай Арстанбекова

Бүгүн 4-сентябрдагы Жогорку Кеӊештин 4-сессиясы баштала элек жатып аягына чыкты.

Жылдагыдай эле депутаттар 2 айга жайкы эс алууга кетишкен болчу. 4-сентябрда эртеӊ мененки саат 10до баштала турган сессия бир аз кечигип башталды. 95 депутат каттоодон өттү деп айтылганы менен жыйындар залында алда канча аз депутат отурду.

Опубликовано Altysha Lv Понедельник, 3 сентября 2018 г.

Канат Исаевдин бүгүнкү сессияга келиши журналисттерди гана эмес депутаттарды да таӊ калтырды окшойт. УКМКнын тергөө абагында отурган депутат Бишкек шаардык сотунун чечими менен бир жарым ай мурун үй камагына чыгарылган эле. 2017-жылдын 30-сентябрынан бери камакта отурган Канат Исаевке бийликти басып алуу аракетине байланыштуу кылмыш иши козголгон болчу. Буга кошумча Канат Исаевке Токмок шаарында мэр болуп иштеп жүргөн кездеги иштерине байланыштуу коррупция беренеси боюнча да айып тагылган.Райондук сот Канат Исаевди 10 жылга эркинен ажыраткан. Ал эми Бишкек шаардык соту «Коррупция» беренеси боюнча «мөөнөтү өтүп кетти» деген себеп менен кылмыш ишти токтоткон. Ал эми «Бийликти басып алуу» беренеси боюнча козголгон иш кайра тергөөгө жөнөтүлгөн. 

Депутаттардын 4-сессиясы адаттагыдай эле Кыргыз Республикасынын Гимни менен башталды. Мурдагыдан айырмаланып бүгүн өлкөнүн гимни жандуу үн менен оркестрдин коштоосунда жаӊырды. Сессияны ачкан төрага Дастан Жумабеков бир  жума бою комитеттерде иш жүргүзүлөөрүн айтып, депутаттар эми жыйындар залына 12-сентябрь күнү сессияга келет деп билдирди.

Азыркы Парламент 2015-жылдын күзүндө шайланган. 

Ой-пикир кошуу

кирүү