Көчмөндөр оюндарында Казакстан алдыда кетип бара жатат

Иллюстративное фото / Cултан Досалиев

Макаланы жазган: Алтынай Арстанбекова

Бүгүн дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын үчүнчү күнү. 3-сентябрдагы мелдештин жыйынтыгы боюнча Казакстан алдыда кетип бара жатат. Азырынча эсеп боюнча Казакстандыктар 19 медалдуу болушту. Анын жетөө алтын медал. Ал эми биздин Кыргызстандыктар 18 медалды жеңип, экинчи орунда турушат. Анын ичинен бешөө алтын.

12 медал менен Түркмөнстандан келген оюнчулар үчүнчү орунду камсыздашты.

Кийинки орундарда Россия Федерациясынан жана Өзбекстандан келишкен оюнчулар турат. 2018-жылдын 2-сентябрынан 8не чейин өтө турган Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катышуучулары : алыска таамай атуу, алыскы аралыкка ат чабыш,алыш,аркан тартыш,ат чабыш,атчан жаа атуу,бышты жорго,бүркүт салуу,жорго салыш, кунан чабыш,көк бөрү, кыргыз күрөш, ордо, сумо, эр эӊиш сыяктуу спорттун 37 түрү боюнча мелдешке чыгышат. “Салбуурун” улуттук мергенчилик боюнча да мелдеш жүрөт. Оюндар Чолпон-Ата шаарында жана Кырчын жайлоосунда өтөт. Ага 66 өлкөдөн 1556 спортчу катышууда.Буга кошумча Россия Федерациясынын 11 субъектинен да оюнчулар келишкен.Жалпысынан 594 медал ойнотулат, анын 174ү алтын,173ү күмүш жана 247си коло медал. Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун жалпы байге фонду 28 миллион сом (405 797$ (4.09.2018 улуттук банктын курсу боюнча) деп бекитилген.

Үчүнчү жолу өтүп жаткан бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюну 2-сентябрда Чолпон-Ата шаарында башталды. Көчмөндөр оюндарынын негизги максаты – көчмөн элдеринин маданиятын  сактоо, улуттук спорт оюндарын жайылтуу болуп саналат. Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинде көрүүчүлөр адам жана жашоонун жаралуусу, көчмөндөр цивилизациясынын пайда болуусу сыяктуу бөлүмдөрдөн турган “Ааламдын жаралуусу” театрлаштырылган көрсөтүүсүнө күбө болушту. Ал шоуга түрдүү жанрдагы артисттер, ырчылар,бийчилер  менен музыканттар болуп 1,5 миңден ашык чыгармачыл инсандар катышты.  Көпчүлүктүн купулуна толгон бул көрсөтүүдө заманбап технологиялар пайдаланылган. Жүздөгөн бийчилер аянтта лазердик нурлардын жана жасалгалардын коштоосунда көчмөндөрдүн жашоосун жана алардын маданиятын чагылдырышты.Андан кийин көчмөндөр оюндарына катышуучу өлкөлөрдүн оюнчулары расмий параддан өтүштү.

Биринчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюну 2014-жылдын 9-14-сентябрында өткөрүлгөн. Спорттук мелдештерге 19 өлкөдөн 771 адам катышып,  спорттун 10 түрү боюнча 30 комплект медаль ойнолгон.  Жалпы сыйлык фондусу 16 миллион сомду түзгөн.Анда биринчи орунду Кыргызстандык команда жеӊип, экинчиликке Казакстан татыктуу болгон. Ал эми 3-орунду Түркмөнстандык оюнчулар алып кеткен.

Экинчи Көчмөндөр оюндары 2016-жылдын 2-8-сентябрында өткөрүлгөн. Ага 62  өлкөдөн 1200 спортсмен катышкан. Ар түрдүү элдердин өкүлдөрү спорттун 23 түрү боюнча мелдештерге катышкан. Жалпы сыйлык фонду 28 млн 400 миң сомду түзгөн.Эки жыл мурун биринчи орунга Кыргызстандык оюнчулар чыгып,экинчиликти Түркмөндөр алып кетишкен. Ал эми үчүнчү орунга Казакстандык спортчулар ээ болгон эле.

Ар бир көчмөндөр оюндарында Кырчын жайлоосунда жалаӊ боз үйлөрдөн турган этномаданий айыл пайда болот. Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюнун массалык маалымат каражаттарында чагылдырууда дүйнөнүн 58 өлкөсүнөн 500дөн ашык журналисттер келген.

Ой-пикир кошуу

кирүү