Ишеним кат менен ажырашса болобу?

Precedentinfo редакциясына интернет пайдалануучудан кат келди. Анда төмөнкүдөй суроо менен кайрылган:

«Аялым экөөбүз азыр Россия Федерациясындабыз. Мындан 7 жыл мурун үй-бүлө курганбыз. Экөөбүз теӊ Кыргыз Республикасынын жараны болобуз. Ортодо 5 жаштагы балабыз бар. Экөөбүздүн ортодо чогулткан мүлкүбүз жок. Бүгүнкү күнү аялым экөөбүз ажырашалы деп чечтик.
Ишеним кат жиберип Кыргызстандагы өкүлүбүз аркылуу ажыраша алабызбы? Юридикалык жактан канткенде туура ажырашсак болот?
Самолет менен учуп баргыбыз келбейт. Анткени көп каражат кетип калат экен. Анын үстүнө жумушту таштап кетүү мүмкүн болбой жатат. Рахмат!».

Жоопту жактоочу Замир Жоошев даярдады:

Ортосунда жашы жете элек балдары бар үй-бүлөлөрдүн ажырашуусу сот аркылуу гана чечилет (КРнын Үй-бүлө кодексинин 22-беренеси). Ажырашуу туурасында өз ара чечишип бир пикирге келгениӊерден кийин ажырашуу туурасындагы биргелешкен арызыӊар менен сотко кайрылышыӊыздар керек (КРнын Үй-бүлө кодексинин 17-беренеси). Ал үчүн ар бириӊер өз өзүнчө бир же бир нече жарандарга жазылган ишеним катты нотариустан өткөрүп, ал күбөлөндүрүлгөн документти алышыӊар керек. Ишеним каттын түп нускасын Кыргызстандагы сиздин өкүлүӊүзгө жибересиз. Ишеним кат жазылган бир же бир нече жаран кийинчерээк сотто сиздин кызыкчылыгыӊызды коргойт. Ишеним катты алган сиздин өкүлүӊүз сиздин атыӊыздан сотко арыз жазып, ага кол коюп кайрылат. Андан сырткары керектүү болгон документтерди чогултуп сотко өткөрүп бересиз. Сиз ишеним кат берген өкүлүӊүз сот отурумдарына атайын өзүнчө ыйгарым укуктар жазылса гана катыша алат (КРнын Жарандык-процессуалдык кодексинин 63-беренеси). Андыктан, ишеним катты туура жазууда өзүӊүздүн кызыкчылыгыӊызды сотто коргоо үчүн ишеним кат керектигин нотариуска түшүндүрүшүӊүз керек.

Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине ылайык сотко ажырашуу туурасындагы чогуу чечим менен келип түшкөн арыз, келип түшкөн күндөн бир ай өткөн соӊ себептерин иликтеп сурабай туруп эле сот ажырашуу туурасында чечим чыгарат (24-берене).

Ажырашуу туурасында чечим чыгараар алдында сот жашы жете элек балдардын кызыкчылыгы жөнүндө кам көрүш керек (КРнын Үй-бүлө кодексинин 25-беренеси). Буга байланыштуу ажырашуу процедурасын жеӊилдетиш үчүн сиз жубайыӊыз менен төмөнкү маселелерди алдын ала сүйлөшүп чечип алышыӊыз керек: Балаӊыз каерде жана ким менен жашайт? Апасы же атасы менен бала кандай жана кайсы тартипте мамиле кылат? Балаӊыз чет өлкөгө чыкканда кандай болот? Ажырашкандан кийин атасы же апасы кандай материалдык жардам көрсөтө алат?

Эгерде сиз жубайыӊыз менен жогорудагылар боюнча бир пикирге келип чечишип алган болсоӊуз, анда “Баланын кызыкчылыктары жөнүндөгү келишим” деген документти түзүп алсаӊыз жакшы болот. Ал келишимде жогорудагы жагдайлардын баары жазылат. Ал келишимге жубайлар экөө теӊ кол коет жана 3 экземплярда болушу шарт. Бул документ нотариустан күбөлөндүрүлсө абдан жакшы болот. Келишимдин үчүнчү экземплярын
сотто сиздин кызыкчылыгыӊызды коргогон Кыргызстандагы өкүлүӊүзгө
жиберишиӊиз керек.

Эгерде мындай келишим жубайлар ортосунда түзүлгөн эмес болсо же болбосо түзүлгөн келишимде жазылган жагдайлар баланын укугун бузса, анда сот отурум учурунда: ажырашкандан кийин бала ким менен калыш керек; атасы же апасы канча өлчөмдө алимент төлөшү керек жана башка ушул сыяктуу маселелерди сот өзү аныктап
бериши керек.

Ой-пикир кошуу

кирүү