III ДКО: Ордо оюну боюнча Кыргызстан алдыда

Сүрөт: Cултан Досалиев, 

worldnomadgames.сom

Макаланы жазган: Алтынай Арстанбекова

Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун бүгүн төртүнчү күнү. 3-сентябрдан тарта Кырчын жайлоосунда ордо боюнча мелдеш өтүп жатат. Ордо оюнуна Чехия, Америка Кошмо Штаттары, Казакстан, Монголия, Тажикстан, Россия Федерциясынын Москва, Свердлов областтарынан келген оюнчулар болуп, баары биригип дүйнөнүн 8 өлкөсүнөн 157 спортчу катышууда.

3-сентябрдагы оюндун жыйынтыгы боюнча: Кыргызстан Монголияны 3:0, Тажикстан Казакстанды 2:0, Россиянын Москва областы Чехияны 2:0 жана Свердлов областы АКШнын оюнчуларын 2:0 эсебинде утуп чыгышкан.

4-сентябрь күнү Кыргызстан Россиянын Москва областынан келген оюнчуларды 2:0 эсебинде,Тажикстан АКШны 2:0,Чехиялыктар Монголияны 2:0 жана Казакстан Россиянын Москва областынан келгендерди 2:0 эсебинде утуп жеӊишке жетишкен.

Ал эми бүгүн,5-сентябрда эртеӊ менен Кыргызстан Чехтер менен ойношту. Тажикстандык оюнчулар Россиянын Свердлов областынан келгендер менен беттешке чыккан. Азырынча алдыӊкы орунда Кыргызстандык команда турат. Бүгүн кечке чейин 5-6-орундар үчүн ордочулар мелдешке чыгат.

Ордо командаларынын курамы 9 оюнчудан туруп,анын бирөөсү машыктыруучу болуп саналат. Ордо оюнуна жалаӊ эркектер катышып, алардын жашы 18ден жогору болуш керек. Ордо оюндары 6-сентябрь күнү жыйынтыкталмакчы.Оюндар Кырчын жайлоосунда өтүүдө.

Кыргызстандын курама командасы менен Алтайдан келген көк бөрүчүлөр ортосундагы мурда белгиленген топтук таймаш болбой калды деп билдиришти көчмөндөр оюндарынын калыстары. Көк бөрү оюну башталганда Алтайдан келген чабандестер чыкпай калгандыгына байланыштуу калыстар тобу алтайлыктарга техникалык утулуш (техническое поражение)жазышкан.Жыйынтыгында Кыргызстандык көк бөрүчүлөргө 3 упай берилип,кийинки таймашты жарым финалда уланта турган болушту.

Бүгүн түшкү саат 13:00дө Казакстандык көк бөрүчүлөр Красноярскийден келген чабандестер менен ойношот.Саат 15:00гө чейин Өзбекстандык улакчылар Франциядан келген оюнчулар менен беттешет. Ал эми 16:30га чейин Казакстандыктар Америкадан келген оюнчулар менен улак талашат.

Түркмөн күрөшү,көчмөндөр оюнунда спорттун бул түрү гореш деген аталышта жазылып жүрөт.Кечээ, 4-сентябрда өткөн гореш боюнча мелдеште түркмөндүк балбандар биринчиликти алып,3 алтын медалдуу болушту. Эки күмүш медалды жеӊип Кыргызстандык баатырлар экинчи орунга чыгышты. Үчүнчү орунга Россиялык балбандар татыктуу болушту. Аларда бир күмүш жана бир коло медал бар.

Ой-пикир кошуу

кирүү