Ак ийилет, бирок сынбайт

Макаланы жазган: Алтынай Арстанбекова

Ленин райондук сотунун судьясы Таалайгүл Кадыркулова дарыгерлердин иштен баш тартуу боюнча жазган өтүнүчүнүн негизинде мындан ары ишти карабай турган болду.

Бул өтүнүчтү дарыгерлер август айында эле жазган. Андан бери да бир айдан ашык убакыт өтүп,ортодо атайын ишти кароону созуктуруу аракети да болду. Чүй-Фучик көчөсүндөгү №1-бейтапкананын 17 дарыгери 2017-жылдын ноябрь айында Ленин райондук прокуратурасына бейтапкананын ошол кездеги директору Айдарбек Шакировтун үстүнөн арыз жазып даттанышкан. Анда Шакиров 9 ай бою ар бир дарыгерден 1миӊ сомдон акча чогултканы жөнүндө жазылган. Бир жылга жакын убакыттан бери бул иштин аягына чекит коюла элек. Буга чейин ишти карап жаткан судья Таалайгүл Кадыркулова мыйзамсыз аракеттерди көргөнүн, сотто Шакиров тарапка тартып жабырлануучуларды кагып силккен учурларын дарыгерлер айтып келишкен. Бүгүн 6-сентябрда дарыгерлер бир ай мурун судьяга ишти кароодон баш тартуу боюнча жазган өтүнүчү акыры канааттандырылып, Ленин райондук сотунун судьясы Таалайгүл Кадыркулова ишти кароодон баш тартты.

Соттолуп жаткан Айдарбек Шакиров 2018-жылдын 4-сентябрь күнү тааныштары аркылуу анын үстүнөн арыз жазып кайрылышкан дарыгерлерге 5000 (беш миӊ) америка долларын берип жибергенин дарыгерлер билдиришти. Бардык дарыгерлер чогулуп кеӊешип, Шакиров берген парадан баш тартышып, акчаны кайтарып бергенин айтышты.

Адилеттүүлүккө жете албай жүргөн дарыгерлер ишти башка судья карашын талап кылып, Айдарбек Шакиров мыйзам чегинде жазаланат деп ишенээрин билдиришти. Үй камагына чыгарылган Айдарбек Шакиров буга чейин да анын үстүнөн арыз жазган дарыгерлерди бейтапканага мурда кайрылган жарандар аркылуу интернет айдыӊында каралап жатканын дарыгерлер айтышты. Бир жуманын ичинде Ленин райондук сотунун жетекчилиги дарыгерлердин ишин кароо боюнча башка судьяны белгилеш керек. Прецедент Инфо маалымат сайты бул соттук териштирүүлөрдүн жүрүшү боюнча маалымат берип турмакчы.

Ой-пикир кошуу

кирүү