III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында сумо боюнча мелдеш биринчи жолу өтүп жатат

Cүрөт: Cултан Досалиев

worldnomadgames.com

Макаланы жазган: Алтынай Арстанбекова

6-сентябрга карата жыйынтыктар.

Бүгүн 6-сентябрь күнү буга чейинки болуп өткөн мелдештер боюнча айрым жыйынтыктар чыгарылды. Жапон элинин улуттук күрөшү болгон Сумо боюнча мелдеш кечээ 5-сентябрда Бактуу-Долонотудагы ден-соолукту чыӊдоо комплексинде болуп өттү.Буга чейинки көчмөндөр оюнунда күрөштүн бул түрү болгон эмес дешет уюштуруучулар. Жекеме жеке чыгып күрөшкөн сумого 20 өлкөдөн 20 спортчу келген.Сумо боюнча байге фонду 140 миӊ сомду түзүп,биринчи орунду багындырган сумочу алтын медал менен 70миӊ сом алды,күмүш медалдын ээсине 35 миӊ сом жана коло медалга жетишкен спортчулар 17 миӊ 500 сомдон алышты.

Россиянын Красноярск крайынан келген Монгуш Айдын биринчиликке жетишти.Экинчи орунду да Россиядагы Хакасиядан келген Монгуса Мерген алып кетти. Ал эми үчүнчү орунга Жапониялык сумочу Суаисаки Иисуки менен Россиянын Тыва Республикасынан келген Тилеш Сайын-Белек татыктуу болушту.

Мелдеш эл аралык сумо федерациясынын эрежелери боюнча өткөрүлдү. Абсолюттук салмакта жеӊүүчү аталган спортчу «Көчмөндөрдүн улуу күрөшү» мелдешине катышууга укук алат.

Бактуу-Долоноту айылындагы ден-соолукту чыӊдоо комплексинде көчмөндөр оюнуна келген балбандар кыргыз күрөшү боюнча мелдеште күч сынашты. Ага 38 өлкөдөн 131 баатыр катышкан. 55 кг салмакка чейинки мелдеште 70 миӊ сомдук байгени Бекболсун Сатканкулов алып,биринчи орунга чыкты.Экинчи орунду ээлеген Казакстандык Алишер Муханбетжановко 35 миӊ сом байге берилди.Татарстандан келген россиялык балбан Риназ Гарипов жана Монголиялык спортчу 17 миӊ 500 сомдон бөлүп алышып үчүнчү орунга ээ болушту.Андан башка 60 кг,66 кг,74 жана 84 кг,ошондой эле 96 кг салмакка чейинки мелдештерде жалаӊ кыргызстандык балбандар биринчи орунду ээлешти. Абсолюттук салмактагы категория боюнча Тилек Куралов аттуу биздин балбан биринчи орунду багындырып,70 миӊ сом байгеге ээ болду. Кыргыз күрөш мелдешинин жалпы байге фонду 980 миӊ сомду түздү.

Спорттун 37 түрү боюнча өтүп жаткан мелдештерден сырткары Кырчын жайлоосунда 12 кичи шаарча курулуп, миӊден ашуун боз үйлөр тигилген.Биринчи жолу өткөрүлгөн «Көчмөндөр ааламы»  эл аралык этно фестивалына 29 өлкөдөн жана Россия Федерациясынын 8 субъектисинен өкүлдөр атайын келип катышты.

Кырчын этно-шаарчасында төкмө акындардын эл аралык «Айтыш» сынагы да башталды. Ага 18 акын катышты жана байге фонду 2 миллион сомду түздү. Айтышка көбүнчө Кыргызстандык жана Казакстандан келген төкмө акындар катышты.

Ой-пикир кошуу

кирүү