Ички миграция боюнча изилдөөлөрдүн алдын ала жыйынтыгы талкууланды

Макаланы жазган: Алтынай Арстанбекова

Бүгүн Бишкекте «Кыргызстандагы ички миграция: социалдык жактан көнүү маселесине болгон тоскоолдуктар» аттуу жолугушуу болуп өттү. Буга чейин өлкө ичиндеги миграция(көчүп конуу) маселеси боюнча атайын изилдөөлөр жүргөн. Ага өлкөдөгү жеке изилдөөчү компаниялар менен өкмөттүк эмес уюмдар катышып, жер-жерлерде изилдөөлөрдү жүргүзүшкөн. Алардын ичинде негизги 3 уюм бар. Булар изилдөөлөрдүн дизайны менен ыкмаларын ишке ашырган М-Вектор компаниясы, “Борбор Азиялык барометр” уюму изилдөөлөрдүн саны боюнча иш алып барышкан. Ал эми  коомдук пикирди изилдөө жана божомолдоо “Эл-пикир” уюму сапаттуу изилдөө жүргүзүп, аны анализдеген. Миграция боюнча эл аралык уюмдун улуттук программалар боюнча координатору Нурбек Омуровдун айтымында улуттук статистикалык комитеттен ички миграция боюнча сандар келип турганы менен ал маселелердин тереӊдигин изилдеш керек болгон. Анткени, өлкө ичинде көчүп жүргөн жарандар көчуп барган жеринде социалдык тоскоолдуктарга кабылышат.  

Борбор Азия барометри уюмунун изилдөө бөлүмүнүн аналитиги Султанбек Анарбеков өлкөдө жашаган жарандардын 18 пайызы такай жер которуп, көчүп-конуп жүргөндүгүн айтты. Изилдөөлөр телефон менен байланышуу жана жеке кайрылып суроолорду берүү ыкмасы менен жүргүзүлгөн. Борбор Азия барометри уюмунун кызматкерлери телефон аркылуу 5000 (беш миӊ) жаран менен байланышып, ички миграция убагында алар туш болгон тоскоолдуктар жөнүндө суроолорду берип кайрылышкан. Ал эми ошол эле суроолор менен 1000 (миӊ) жаранга жеке кайрылып суроо салышкан. Ички миграция маселесинде өлкөнүн түштүгүнө көбүрөөк кызматкерлер жөнөтүлгөн.Анткени, белгилүү болгондой түштүктө шаарлар көп. Адистер белгилегендей ички миграцияда көчүп жүргөн жарандар туруктуу иши жана татыктуу маяна төлөп берген ишканалардын жоктугунан өздөрү жашаган айылдан шаарларга көбүрөөк көчүшөт. Бирок, шаарда да аларды жакшы шарттар күтпөгөнү белгилүү. Ички мигранттар көчүп барган шаарларда  жашоо шарттын жоктугун, катталып учетко турууда көп кыйынчылыктар болгонун жана жүрүм-турум жагынан көбүрөөк көйгөйлөргө туш келгенин айтышкан.   

Миграция боюнча эл аралык уюмдун улуттук программалар боюнча координатору Нурбек Өмүровдун айтымында бул изилдөөлөр ЮСАИДдин адам укугу жана кадыр барк боюнча долбоордун алкагында жүргүзүлдү. Нурбек Оморов 2040-жылга чейинки улуттук стратегия кабыл алынганы жатканын жана бул изилдөөлөрдүн жыйынтыгы көрсөтүлгөн сунуштама ал стратегияны кабыл алууда чоӊ жардам көрсөтөөрүн белгиледи.

Ой-пикир кошуу

кирүү