III ДКО: Ордо оюну боюнча мелдеште Кыргызстан алтын медалды утуп жеӊүүчү аталды

Cүрөт: Cултан Досалиев

worldnomadgames.com

Макаланы жазган: Алтынай Арстанбекова

Кыргыз чүкөсү менен ойнолчу ордо оюну боюнча мелдештин жыйынтыгы чыгып, Кыргызстандын командасы биринчиликти алды. Мелдеш Кырчын жайлоосундагы этно шаарчада өткөрүлгөн.Ордодо ойногон командада сегизөөсү оюнчу жана бирөөсү тренер болуп 9 адам катышат.Экинчи орунга тажикстандык оюнчулар чыгышты. Ал эми үчүнчү орунду казактар алып кетти. Алтын медал алган биздин азаматтарга 500 000 сом берилди. Тажиктер 300 000 сом алышты жана казактарга 150 000 сом байге тийди.

Ыссык-Көлдүн Бактуу-Долоноту айылындагы ипподромдо кечээ болуп өткөн көк-бөрү боюнча жарым финалда Кыргызстандын командасы Россиянын Москва областынан келген чабандестери менен жолугушту. Ошондой эле кечээ түштөн кийин Казакстандыктар Өзбекстан менен бетме-бет чыгышты. Биздин азаматтар Москва областынан келген жигиттерди 23:5 эсебинде артыкчылык менен утуп алды.Казактардын кокпар оюну боюнча азыркы чемпиондору Өзбекстандын жигиттеринен 4:5 эсебинде жеӊилип калышты. Бүгүн Көк-бөрү оюну боюнча 3чү жана 4чү орундар үчүн мелдеш жүрөт. Бүгүн кечки саат 18:00дө финалдык беттешүүлөр болмокчу. Көк-бөрү оюнуна бөлүнгөн байге фонду 6 миллион 200 миӊ сомду түзөт.Биринчикке жеткен жеӊүүчүлөр 3 миллион сомго ээ болот. Экинчи орунду алган командага 1,5 миллион сом тапшырылат. Үчүнчү орун үчүн 1 миллион сом бөлүнгөн. Андан сырткары мыкты көк-бөрүчү менен мыкты аттын ээсине 100 миӊ сомдон берилет.

III дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын чагылдыруу үчүн дүйнөдөгү 56 өлкөдөн 177 чет элдик массалык маалымат каражттарынын 604 өкүлү чагылдырып жүрөт. Оюндардын уюштуруучуларынын айтымында алгач 571 журналист катталган эле. Кыргызстанга келген чет элдик массалык маалымат каражаттарынын ичинде дүйнөгө белгилүү 50 телеканал, 12 чоӊ радиостанциялары, 67 маалыматтык агенттиктер, 48 гезит жана 50 блогер бар. Көчмөндөр оюнун белгилүү: BBC Радиосу, The New York Times гезити, Financial Times, National Geographic Society, Associated Press, «Journal of Nomads» Канадалык журналы, «Aljazeera network», CCTV Кытай телеканалы, Казакстандык «Хабар»телеканалы, NRC-newspaper күн сайын чыгарылуучу жалпы улуттук ниедрланддык гезити, Abu Dhabi Media Араб эмираттарынын телеканалы, «МИР» Эл аралык телеканалы,«Россия сегодня» эл аралык маалымат агенттиги,Россииянын «ТАСС» маалымат агенттиги, Жалпы Россиялык мамлекеттик телерадиокомпаниясы,«Интерфакс» маалымат агенттиги, German TV ZDF- Moscow office, Матч ТВ, Анадолу агенствосу, TRT (Turkish Radio and Television) Туркиялык теле жана радиосу, TRT EL Arabia, «Узбекистан» улуттук телеканалы, «Маданият ва маърифар» телеканалы, «Urkpress.info» Украина маалымат агенттиги, «Image.ua» эл аралык ишкерлер журналы, Франциялык ALTAPRESS, France Televisions Франция ТВ, «Франс Пресс» эл аралык маалымат агенттиги, Германиялык Sputnik news Deutschland, «Корелла Фильм» Эстония киностудиясы, «Tosei» жапон маалымат агенттиги жана башкалар чагылдырганы келишкен. III Көчмөндөр оюндары дүйнөнүн 60 тан ашык өлкөсүнө чагылдырылып жатат.    

Ой-пикир кошуу

кирүү