Темирлан Ормуков: Судьядан баш тартуу туурасындагы өтүнүчүм акыры канааттандырылды

Макаланы жазган: Алтынай Арстанбекова

Мындан эки жыл мурун КСДП партиясынын Жогорку Кеӊештеги депутаты Дастан Бекешев көзү азиз акын Темирлан Ормуковту жалган жалаа жапты деп күнөөлөп сотко берген. Арадан эки жылдан ашык убакыт өтсө да ал кылмыш иши дале аяктай элек. Буга чейин Темирлан Ормуков ишти карап жаткан шаардагы Октябрь райондук сотунун судьясы Авчи Алиевди ишти тереӊ түшүнбөйт деген себеп менен аны ишти кароодон четтетүү өтүнүчүн жазганын айтат. Ормуковтун айтымында ал өтүнүчтү кароо көп убакытка созулган. Бүгүн 10-сентябрда Темирлан Ормуковтун үстүнөн козголгон кылмыш ишти карап жаткан судья Авчи Алиев ишти кароодон чететтүү туурасындагы өтүнүчтү канааттандырды.

Эскерте кетсек, көзү азиз акын Темирлан Ормуковту Жогорку Кеӊештин депутаты Дастан Бекешев “мени коррупцияга күнөөлөп,жалган жалаа жапты” деп айыптап 2016-жылдын 20-июнь күнү сотко арыз жазган. Ал убакыттан бери Темирлан Ормуковту сотко келбей койду деген себеп менен тергөө изоляторуна камашкан.

 

Көзү азиз акын Темирлан Ормуков социалдык тармактарга жазган саясий өӊүттөгү шакаба ырлары менен белгилүү.Бүгүнкү күндө Темирлан Ормуковтун үстүнөн Дастан Бекешев үч маселе боюнча сотко арыз жазып кайрылган.Ормуков азыркы күндө Бекешевтин айынан үч иш боюнча соттук процесстерге барып жүргөнүн айтат.

Үстүбүздөгү жылдын 2-июль күнү Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Темирлан Ормуковту Жогорку соттун үч судьясы мыйзамсыз камакта кармоо боюнча чечим чыгарган деп күнөөлөп иш козгогон. Ал иш боюнча азырынча маалымат жок.Темирлан Ормуков бул иштин тегерегинде ошол үч судьянын жана Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаеванын үстүнөн моралдык чыгым төлөө боюнча сотко арыз менен кайрылганын айтты. 

Ой-пикир кошуу

кирүү