Тергөөчүгө сурак берип жаткан жаран өзүн кандай алып жүрүшү керек?

Макаланы жазган: Замир Жоошев

Күбө – бул, жашына, жынысына, улутуна, дин ишенимине, ээлеген кызматына карабай, кылмыш ишине маанилүү болгон жагдайларды көргөн жана билген, ошондой эле көрсөтмө берүү үчүн тергөөчү тарабынан чакырылган жаран. Тергөөчүгө чакырылган жаран колуна чакыруу кагазын алаары менен күбө катары эсептелип, өзүнүн укуктары жана милдеттери пайда болот.Ошондой эле көрсөтмө берүүгө милдеттендирилет. 

Күбө айыптоочу тарапка да, жактаган коргоочу тарапка да тиешеси жок. Ошондуктан, күбө күнөөлөгөн же айыпталган жаранды актаган көрсөтмөлөрдү бере алат. Бүгүн, эртеӊ көрсөтмө берген күбөгө айланаарын эч ким билбейт. Ошол сурак учурунда сиз өзүӊүздү кандай алып жүрсөӊүз ошол жүрүм-турум сиздин андан кийинки жашооӊузду аныктайт. Андыктан, жашооӊузга тийгизе турган терс таасирлерди алдын алуу үчүн тергөө учурунда өзүӊүздү туура алып жүрүүнү билип алуу ашыктык кылбайт. Эч жерде жазылбаган жана көрсөтүлбөгөн эрежелер бар. Аларды күбө катары суралып жаткан ар бир жаран биле жүрүшү шарт:

  • тергөөчү сизди телефон аркылуу байланышып чакырса барбашыӊыз керек. Сиз тергөөчүгө чакыруу кагазы келгенде гана барышыӊыз керек. Ал чакырууну «алдым» деп кол коюшуӊуз керек. Тергөөчү чакыруу кагазын атайын тапшырык менен жөнөтүлгөн (заказное письмо) катка салып да жибериши мүмкүн. Ал чакыруу кагазда: ким, каяка, ким катары жана саат канчага чакырылганы жазылат. Чакыруу кагазы келсе сизди тергөөгө ким катары жана ыкчам кызматкерби же тергөөчү чакырганы  билинет.Эгерде милициянын ыкчам кызматкери (оперативный сотрдуник) чакырса – демек кылмыш иши козголо элек, анткени бул учурда сурак жүрбөйт, жөн эле сүйлөшүү үчүн чакырган болот. Мындай сүйлөшүүгө барууга сиз милдеттүү эмессиз;
  • сизди алып кетебиз деген милиция кызматкерлери менен милиция бөлүмүнө баруудан баш тартыӊыз. Алардан «чакыруу кагазын таштап кеткиле»-деп сураныӊыз;
  • сизди алып кетебиз деп келген милиция кызматкерлеринин жүрүм-туруму начар,адаттан тышкары болсо анда аларды үйүӊүздүн короосуна да киргизбеӊиз. Соттун тиешелүү токтому жок сиздин үйүӊүздүн босогосун да аттабашы керектигин милиция кызматкерлери жакшы билет. Анткени бул кыймыл-аракет кылмыш болуп саналат жана бул үчүн алар жоопкерчиликке тартылат;
  • өзүӊүз берген биринчи көрсөтмөӊүздү сот иши аяктаганга чейин эске тутуп жаттап калышыӊыз керек;
  • көрсөтмөнү өзгөчө кырдаал болгон учурда гана өзгөртсө болот. Анткени бул иш-аракет тергөөчүгө, прокурорго жана сотко терс таасирин тийгизет;
  • колдон келишинче азыраак сүйлөӊүз. Ар бир берилген суроого айтылган жооптор эки башка мааниде түшүнүп калбас үчүн кыска, нуска жана бирдей болушу керек. Ар бир суроого узак түшүндүрмөлөрдү берүүдөн алыс болуӊуз,анткени протоколго сиз айткан сөздөрдүн мааниси гана жазылат жана ал айтылган сөздөр сиз тергөөчүгө айтайын деген маалымат болбой калышы мүмкүн;
  • көрсөтмө берүүдөн баш тарта албайсыз, анткени мыйзамга баш ийиш керек. Бирок, өзүӊүзгө жана маалымат берилип жаткан адамга зыян келтирбейин десеӊиз такай “мен билбейм”, “эсимде жок”, “убакыт сааты так эсимде жок,саат мынчаларда болуш керек”, “божомол менен…” деген жана башка ушул сыяктуу сөздөрдү колдонсоӊуз болот;
  • иштеп жаткан азыркы мыйзамдар боюнча күбө болгон жаран өзү билген факты боюнча тергөөчүгө маалымат берүүдө ал маалыматтын келип чыккан булагын кошо айтышы керек. Бирок, маалымат булакты айтуудан баш тартаардан мурун аны такыр эле айтууга болбой турган учурлар да бар. Мындай учурларда жөн эле ооз эки түрүндө «айтышкан болчу», «ушинтип сүйлөп жатышкан» деп жооп берсеӊиз болот. Мында бат эле «каякта?» деген суроо берилет. Ага, көпчүлүк чогулган жерлерди мисал келтириӊиз (ашкана, мончо, сыра сатчу жайлар). Мунун артынан бат эле «ким?» деген суроону беришет. «Эсимде жок», «Артымда сүйлөп жатышкан, көрбөй калдым» жана башка ушул сыяктуу жооп бериӊиз.
  • эгер сизди коркутушса коркпоӊуз жана айтылган убадаларга ишенбеӊиз;
  • тергөөчү сизден сурак алып жатканда чоочун адамдар отурбасын деп талап кылыӊыз (ыкчам топтун кызматкерлери (оперативники) сурак жүрүп жатканда психикалык жактан басым жасаш үчүн суракка катышканды жакшы көрүшөт). Бул чынында эле ушундай. Бул аракеттердин баары сурак берип жаткан жарандын эркин басмырлап, тергөөгө керек болгон көрсөтмөлөрдү алыш максатында жасалат; 
  • сиздин досторуӊуз же чогуу иштеген кесиптештериӊиз буга чейин эле «баардык чындыкты» айтып берип коюшкан деген тергөөчүнүн сөзүнө көӊүл бурбаӊыз. Баардык чындыкты айтуу мүмкүн эмес,анын үстүнө баарынан мурда сизден кандай,кайсы чындыкты талап кылып жатканын билип алыш керек;
  • эгерде сиздин өз милдетиӊизди аткарууга байланышкан иштер боюнча сөз жүрсө, анда тергөөчүгө өзүӊүз кошо ала келген кызматтык эрежелер жазылган нускаманы көрсөтүп, бир гана ушул эрежеге ылайык иш жүргүзгөнүӊүздү айтыӊыз;
  • протоколго кол коер алдында анын ар бир барагын көӊүл коюп окуп чыгыӊыз, оӊдоолор менен толуктоолорду киргизүүгө жетишиӊиз, протоколдо сурак жүргөн убакыт менен сурак жүргүзүлгөн убакыт дал келеби же келбейби ошого көӊүл буруӊуз;
  • эсиӊизде болсун, сизди түнкү 22:00 дөн баштап таӊкы саат 6 га чейин суракка чакырып сурай алышпайт. Протоколдо жазылган убакытты көӊүл коюп текшериӊиз;
  • сиз кол койгон протоколдо бош жай же бош барактар калбашы керек. Анткени сиз кол койгон протоколду кийинчерээк сиз айтпаган сөздөрдү жазып башкалар толтуруп коюшу толук ыктымал. Мисалы: «мен дагы кошумчалап айтайын дегем» сыяктуу сөздөр менен сиздин ордуӊузга башка бирөөлөр сиз айтпаган маалыматтарды жазып коюшу мүмкүн. Сиздин ордуӊузга тергөөчү эмнени кошумчалап жазып кошуп коюшу мүмкүн ал бир гана тергөөчүгө маалым, андыктан барактын сиз жазып бүткөн жерине чоӊ кылып Z тамгасын жазып коюӊуз.

Ой-пикир кошуу

кирүү