Бурулайдын өлүмү боюнча сот иштери башталды

Макаланы жазган: Алтынай Арстанбекова

11-сентябрь күнү Кара-Балта шаарындагы Жайыл райондук сотунда Бурулайдын өлүмү боюнча сот иши башталды.

Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө үстүбүздөгү жылдын 27-май күнү болгон каргашалуу окуяда 1998-жылы төрөлгөн Бурулайга ала качкан жигит бычак сайган. Алган жарааттардан Бурулай каза тапкан. Бул боюнча ошол май айынан бери тергөө иштери жүрүп, сентябрь айында соттук кароолор башталды. Маркум Бурулайдын атасы Турдалы Кожоналиевдин жактоочусу Есения Рамазанованын айтымында кылмыш боюнча эки башка иш козголуп,эки өндүрүшкө бөлүнгөн. 11-сентябрда болгон соттук кароо Жайыл райондук милиция бөлүмүнүн кызматкерлеринин үстүнөн “шалаакылык” беренеси боюнча козголгон иштин негизинде жүрдү. Ага кылмышка шектүү делген милиция кызматкерлердин бешөө тең катышты. Турдалы Кожоналиевдин да үй-бүлөсү келди. Сот процессинин биринчи күнү экендигине карабастан соттук отурум башталаары менен Турдалы Кожоналиевдин жактоочулары тарабынан сотко өтүнүч келтирилди.Анда Турдалы Кожоналиев бүтүндөй Жайыл районуна ишенбөөчүлүк келтиргенин билдирген жана судья менен прокурордун ишти кароодон баш тартуусун суранган. Мындай өтүнүчтү жактоочулар сот отурумунун белгиленген убакыттан кеч башталганы, соттолуучулардын жактоочуларынын бир саатка кечигип келгени менен түшүндүрүштү. Сот баштала элек жатып ишенбөөчүлүк көрсөткөн жактоочулардын мындай кадамына таң калган судья өтүнүчтү кабыл алып, чечим чыгаруу үчүн кеңешме бөлмөсүнө кирип кетти. Арадан бир саттай убакыт өткөндө сот отурум кайрадан уланып, Жайыл районунун судьясы Акылбекова келтирилген өтүнүч боюнча чыгарган токтомун окуду.

Ишенбөөчүлүк көрсөткөн жабырлануучу тараптын жактоочулары судья окуган токтомго канааттанбай,мурдагы айтылган себептерди жүйөө катары келтирип ооз эки түрүндө судья Акылбекова менен райондук прокурор Турдумаматовко ишенбестигин айтып, кылмыш ишти кароодон баш тартуусун талап кылган билдирүүсүн айтышты. Мындай билдирүүгө да судья атайын токтом кабыл алуу үчүн кеңешүүчү бөлмөгө кетти. Бир нече убакыттан соң судья Акылбекова жактоочулардын ооз эки билдирүүсү боюнча чечимин окуду. Анда да биринчи өтүнүчкө берилген жооптогудай мыйзамдагы беренелер келтирилип, өтүнүч канааттандырылган жок. Ошентип саат 11:10 до башталган сот отуруму танаписи жок бир нече саатка созулду.Суроо-жооп башталаар алдында ишти кароого киришүү көп убакытты талап кылганына байланыштуу соттук отурум 24-сентябрга жылдырылды.

Эскерте кетсек, 2018-жылдын 27-июнь күнү түнкү саат 22:00 чамасында 1989-жылы туулган Марс Бөдөшөв 1998-жылы төрөлгөн Бишкек шаарынын тургуну Бурулайды ала качып бара жаткан жеринен Чүй облустук мамлекеттик автоинспекция кызматкерлери тарабынан кармалып, түнкү 24:00 чамасында Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө алынып келинген.Бөдөшөвдун жанында досу да болгон. Жыйынтыгында Марс Бөдөшөв алып качкан Бурулайды ички иштер бөлүмүндө бычак сайып өлтүргөн деп шектелүүдө.Ал азыр тергөө камагында  отурат. 

Ой-пикир кошуу

кирүү