Бурулайдын табышмактуу өлүмүнө байланыштуу козголгон кылмыш иштери эки башка өндүрүшкө бөлүнгөн

Макаланы жазган: Алтынай Арстанбекова

Үстүбүздөгү жылдын 27-май күнү Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө кыз ала качып бара жаткан жеринен кармалган Марс Бөдөшөв Бурулайды бычак сайып өлтүрдү деп шектелүүдө. Ал азыр тергөө камагында отурат.

Ал каргашалуу окуядан бери үч айдан ашык убакыт өтүп, сентябрь айында козголгон кылмыш иштери боюнча соттук териштирүү башталды. Үстүбүздөгү жылдын 5-сентябрында Марс Бөдөшөвтун үстүнөн козголгон кылмыш иш боюнча соттук отурум болуп,анда жабырлануучу тараптан ишти кароону Бишкек шаарындагы Свердлов райондук сотуна жиберүү өтүнүчү келтирилген. Анткени, аймагы жагынан ала качуу окуясы Бишкектин Свердлов районунун аймагында орун алган. Сот келтирилген далилдерди туура деп таап ишти кароону Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотуна жиберүү токтомун кабыл алган.

“Прецедент Инфо”  буга чейин социалдык тармактарда Бурулайдын табышмактуу өлүмү боюнча түрдүү ой-пикирлердин жаралышынынан улам атасы Турдалы Кожоналиевке бир нече суроолор менен кайрылды.

Бурулайдын атасы Турдалы Кожоналиевдин айтымында 27-май күнү кызын ала качкан  Марс Бөдөшөв  буга чейин да 4-майда үйлөнөм деп Бурулайды алып качкан.Ошондо кызын жарым жолдон кайтарып калган атага Бөдөшөв сөөмөйүн көзөп “өлтүрөм кызыңды” деп коркуткан. Турдалы Кожоналиевдин жактоочусу Есения Рамазанованын айтымында карагашалуу окуя боюнча эки кылымш иши козголгон.Биринчиси, бир эмес эки жолу Бурулайды алып качкандыгы жана аны бычак сайып өлтүргөндүгү үчүн  Марс Бөдөшөвкө үч айып тагылып кылмыш иши козголгон.Ал эми экинчиси, “шалаакылык” беренеси боюнча Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн 5 кызматкеринин үстүнөн козголгон кылмыш иши.

 

11-сентябрь күнү Бурулайдын өлүмүнө байланыштуу “шалаакылык” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон милиция кызматкерлеринин соту болуп өттү. Сот башаталаар алдында жабырлануучу тараптын келтирген өтүнүчтөрүн карап,ага жооп берүүдө соттук отурум бир нече саатка созулгандыгына байланыштуу  соттук териштирүү 24-сентябрга жылдырылды.

Ой-пикир кошуу

кирүү