Бишкекте «Экстремизмге онлайн аркылуу каршы күрөшүү» темасындагы эл арлык симпозиум жүрүп жатат

Макаланы жазган: Алтынай Арстанбекова

Борбордук Азия мамлекеттеринин коопсуздук кеңештеринин өкүлдөрүнүн башын бириктирген бул эл аралык симпозиумда экстремизмге каршы күрөшүү боюнча ыкмалар менен аракеттер жөнүндө сөз болду. Ага Кыргызстан,Өзбекстан, Түркмөнстан,Казакстан,Тажикстан жана Россия Федерациясынан жоон топ делегация чакырылган.Эл аралык симпозиумдун ишин Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев ачып берип, дүйнөлүк масштабда терс көрүнүштөрдү алып келген экстремизмге каршы күрөшүүдө аракеттерди чогуу көрүү керектигин айтты.

Кыргызстан тараптан Президенттин алдындагы дин иштери боюнча мамалекеттик комиссиясынын төрагасы Зайырбек Эргешов да катышты. Ал экстремизмге каршы күрөшүүдө массалык маалымат каражаттарынын орду чоң экендигин белгилеп, глобалдуулукка айланган интернет айдыңындагы социалдык тармактарда маалыматты жазып чыгаргандардын жоопкерчиликтерин кароо актуалдуу маселеге айланганын белгиледи.

Казакстандын жогорку муфтийинин орун басары Алау Адильбаев “Экстремизмге каршы күрөшүүдө Казакстан мусулмандарынын диний башкармалыгынын аткарган иштери” темасында доклад жасап, буга чейин жасалган иш-аракеттери жөнүндө айтып берип, тажрыйбасы менен бөлүштү.

Эл аралык симпозиумдун уюштуруучуларынын айтымында жолугушууга өзбекстандан жоон топ делегация келишкен. Андан сырткары Бириккен Улуттар уюмунан, Швейцариянын,Канада,Улуу Британия,Америка Кошмо Штаттарынан,Лёвандагы католика университетинен экстремизмге каршы күрөшүү  боюнча эксперттер жана журналисттер келишкен. Эл аралык симпозиумга Фейсбук социалдык тармагынын түштүк жана борбор Азия жана Индиядагы өкүлү Кавита Кунхи Каннан да чакырылган. Экстремизмге каршы күрөшүүдө интернеттин жардамы менен коом менен кошо чогуу күрөшүү пикирлери талкууланды. 

Ой-пикир кошуу

кирүү