Акыйкатчы-Омбудсмен кызматына талапкер катары КСДП партиясы бүгүн Токон Мамытовду көрсөттү

Сүрөт / Sputnik 

Макаланы жазган: Алтынай Арстанбекова

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан билдиришкендей Акыйкатчы-Омбудсмен кызматына талапкерлигин көрсөтүү үчүн буга чейин 9 адамдан документ келип түшкөн.

Сүрөт: Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Анын ичинде белгилүү укук коргоочу Рита Карасартова, Кыргызстан Элдер ассамблеясынын төрагасы Токон Мамытов,Омбудсмендин өзүнүн аппаратында азыр иштеген Альберт Колопов менен Урматбек Аралбаевтер бар. Мурун Акыйкатчы болуп иштеген Турсунбек  Акун талапкерлигин алып таштаганы белгилүү болду. Талапкерлерди тандап талдоо боюнча жүргөн талкуу учурунда фракция Токон Мамытовду көрсөтүп жатканын депутат Мухтар Айнакулов жактырбаганын билдирди.

Мухтар Айнакулов. Сүрөт: СДПК сайты

“Атайын кызматтарда көп жыл иштеген Мамытовду шайлап алып Эл аралык коомчулуктун сын-пикирине кабылып калбайбызбы?”-деди Мухтар Айнакулов. Буга жооп катары Иса Өмүркулов “негизгиси ал юрист,биз ага ишенич билдиребиз”-деп айтып,Токон Мамытовдун мигранттар менен иштеген тажрыйбасын эскертти.

Иса Омуркулов. Сүрөт: Politmer

“Биз бирдиктүү чечим кабыл алышыбыз керек.Буга чейин Фарид келип эмнени кыл десе баарыбыз кол көтөрүп колдоп,бир чечим кабыл алчубуз.Ошондо бир добуш менен Кубат Оторбаевти колдоп шайлаганбыз.Анан эмне болду? Оторбаев бир да жолу келип бизге отчет бербеди”-деп таң калды Мухтар Айнакулов.

Кожобек Рыспаев. Сүрөт: Kloop

Кечээ жакында КСДПнын катарынан чыгарылган Кожобек Рыспаев Мамытов менен депутат катары чогуу иштегенин айтып,ал жөнүндө жакшы ойдо экенин билдирди. Бирок, “Ал бактылуу адам,ар дайым жогорку кызматтарда иштеген.Эки барак  болсо да программа жазып келбептир. Шайлангандан кийин кандай иштерди аткараарын айтып берсе болмок да”-деп күпүлдөдү. Сын пикирлерди келиштире айткан Рыскелди Момбеков Токон Мамытов 64кө чыкканын айтып, мыйзам боюнча Акыйкатчы болуп 65жашка чейинки жаран гана шайлана турганын эскертти. “Аны 3 айга шайлоонун кажети барбы? Анан ал кетиш керек болот.Эмгек китепчесине Акыйкатчы болуп иштеген деген жазуу үчүн гана бул кызматка баратабы”-деди Рыскелди Момбеков. “Жаш курагы жагынан эч кимди бөлбөшүбүз керек”-деп анын сөзүн Аида Касымалиева кесе салды.Жыйынтыгында КСДПчылар фракциянын атынан 3 талапкерди көрсөтөбүз дешти эле, Иса Өмүркулов бир эле Токон Мамытовдун талапкерлигин көрсөтүүнү сунуштады.Добуш берүүнүн  жыйынтыгы менен КСДП фракциясынан Токон Мамытовдун талапкерлиги Акыйкатчы кызматына көрсөтүлдү. Азырынча расмий түрдө бир гана Ата-Мекен фракциясы Канатбек Азизди Омбудсменге талапкер катары көрсөтүшкөн.

Канатбек Азиз. Cүрөт: 24.kg

Ой-пикир кошуу

кирүү