Кыргызская Республика,
г. Бишкек
ул. Сыдыкова 187, офис 28
Макаланы жазган: Алтынай Арстанбекова
Иликтөөчү журналист Улан Эгизбаев каза болгондон бери артынан ишин уланта турган журналисттерди даярдоо боюнча көп сөздөр айтылган. Журналисттик иликтөөлөр боюнча фонд түзүү демилгеси көтөрүлүп, бүгүн анын бет ачаар аземи болду. Ага журналисттер, саясатчылар,эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана жарандык коом катышты. Экс-президент Роза Отунбаева Улан Эгизбаевдин курчтугун айтып, Кыргызстанды өнүктүрүш үчүн көп терс көрүнүштөрдөн арылыш керек деп белгиледи. Коррупциянын бетин ачууда Улан Эгизбаев абдан керек инсан болчу деп эскерди.
Журналисттик иликтөөлөр фондунун бет ачаар аземинде Улан Эгизбаевдин апасы уюмдун ишине ийгиликтерди каалап, Уландын ишин уланта турган инсандарга чоң ишенимин билдирди.
Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Кыргызстандагы саясатчылардын ар биринин телекомпаниясы же гезити бар экенин айтып,алар өзүнө караштуу маалымат каражаттары аркылуу өзүн гана мактатып,өзү жөнүндө гана маалымат таратат деди.Андан сырткары Улан Эгизбаевдей курч журналисттердин бар экендигине кубанганын айтып, иликтөөлөр фонду Уландын ишин Улан иштегендей курч,тайманбас журналисттерди тарбиялап чыгышына тилектештигин билдирди.
Фонддун уюштуруучулары билдиргендей өлкөдөгү актуалдуу маселер менен көйгөйлөрдү иликтеген журналисттик материалдарга сынак жарыяланат жана “Улан Эгизбаев” атындагы журналисттик иликтөө сыйлыгы негизделген. Ал сыйлык жыл сайын Улан Эгизбаевдин 12-февраль туулган күнүндө тапшырылмакчы.Журналисттик иликтөөлөр фонду активдүү жарандар тарабынан берилген ыктыярдуу жардамдардын эсебинен иш жүргүзөт. Бир миллион сом өлчөмүндөгү каражатты биринчи болуп экс-президент Роза Отунбаева фондко которуп берген.
Автор: Бермет Джаныкулова Сүрѳт: Алина Печенкина Маалыматтарга жетүү – жарандардын маанилүү укуктарынын бири жана бул укук мыйзам жаратуу процессинде өзгөчө чоң роль ойнойт. Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө […]