Айыккыс оору илдети менен жабыркаган майыптарды орто мектептерге алышпайт

Макаланы жазган: Алтынай Арстанбекова

Мүмкүнчүлүгү чектелип баса албай калган Бактыбек Калиев оорунун азабын көп тартты. Жалал-Абад облустуна караштуу Аксы, Ала-Бука жана Чаткал райондорунда жашаган майып балдарды жөнөкөй орто мектеп кабыл албай койгон.

Мектепке барбай калган балдарды чогултуп аларга билим алууну уюштурууну максат кылган Бактыбек Калиевке Финляндиянын Абилис фонду жардам берген. Бөлүнгөн каражаттын көпчүлүгү имарат сатып алууга кеткен. “Цефей” коомдук бирикмеси Аксынын Кербен шаарында 2003-жылдан бери иштейт. Бактыбек Калиевке майып балдардын ата-энелери мектеп ачуу боюнча кайрылышкандан улам майып балдар үчүн билим берүү идеясы пайда болгон.Жөнөкөй мектепке барып экинчи кабатка көтөрүлүп чыгуу көйгөйүн жеңүү мүмкүн эмес дешет ата-энелер.Кербен шаарындагы кароосуз калган имаратты толук сатып алышпаса да акчасын бөлүп төлөө макулдугу менен өздөрүнө өткөрүп алышкан.

Бүгүнкү күндө чакан мектеп имараты ремонттон өткөрүлүп, окуу класстарында 11 майып бала билим алып жатат. Мектеп баштапкы билимди берет. Бир да жолу мектеп босогосун аттабаган майып балдар ушул мектептен билим алып жатышат. “Алардын арасында 5 жаштан 25 жашка чейинки окуучулар бар” – дейт Бактыбек Калиев. Кышында мектепти жылытууда көйгөй жаралса ата-энелер жардам кылып көмүр ташып келишкенин мугалим айтты. Майып балдардын акыл эсинин өзгөчөлүгүн эске алганда бир теманы бир нече күнгө бөлүп окутушат. Жалгыз мугалим да айлык берилбегендиктен кетип калган. Азыр Бактыбек Калиев өзү сабак берип жатканын айтты. Окуу куралдары жетишсиз. Кербендеги майып балдар мектебине билим берүү министрлиги тарабынан жардам көрсөтүлбөй жатканын айтышты.

Ой-пикир кошуу

кирүү