Евразия чөлкөмүндө телекоммуникацияларды башкаруу индекси талкууланды

Макаланы жазган: Алтынай Арстанбекова

Кечээ «Bridges» мейманканасында телекоммуникациялар тармагында эки жыл аралыгында жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн бет ачаарын талкуулоо үчүн тегерек стол  болуп өттү.

 

Көп өлкөлөрдө телекоммуникация тармагын  башкаруу жагы төмөнкү деңгээлде болгондуктан коорупцияга малынуу коркунучу бар.Кайсы өлкөлөрдө байланыш тармагы жемкорлукка жакын деген теманын алкагында Борбордук  Азия жана Кавказдагы 6 өлкө изилденген. Алар Армения, Азербайжан,Казакстан,Кыргызстан,Өзбекстан жана Тажикстан.

Бул изилдөөлөрдүн негизги максаты  изилденген 6 өлкөдөгү мамлекет менен байланыш тармагында мүмкүн болгон  чоң коррупция окуясынын ортосундагы маанилүү мүчүлүштүктөрдү толтурууга мүмкүндүк берет. Иш чарада негизги корутундулар талкууланып, индексти түзүүдө  сунуштар айтылды.

Тегерек столго эксперттик коомчулук, мамлекеттик мекемелердин, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жана жарандык коомдон катышты.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Ой-пикир кошуу

кирүү