Мүмкүнчүлүгү чектелген таланттуу жарандардын республикалык көргөзмөсү болуп өттү

Макаланы жазган: Алтынай Арстанбекова

Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосуна кечээ республика аймагында жашаган мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар чогулуп, өздөрү жасап даярдаган буюмдарын элге тартуулап жарманке уюштурушту.

Кечээ 17-сентябрда болуп өткөн жарманкеге республика аймагынан 25тен ашык майыптардын коомдук бирикмелери өз буюмдарын алып келишкен. Мүмкүнчүлүгү чектелген майыптардын “Теңдик-равенство”  коомдук бирикмесинин жетекчиси Гүлмира Казакунованын айтымында Кыргызстандагы майыптарды 2002-жылдан бери Финляндиянын Абилис фонду каржылап жардам берип келет. “Ал фондко быйыл 20 жыл толду”-дейт Гульмира Казакунова. Абилис фонду менен кызматташкан жылдары Кыргызстандагы майыптар 128 долбоорду ишке ашырып, алар азыр туруктуу иштеп жаткан чагы. Гульмира Казакунова ал бирикмелер менен бирден тааныштырып чыкты. Жалаң тикмечи кыздардан турган ”Назик” долбоору эко баштыктарды тигип,сатышат. Бул долбоордо майып кыздар иштешет. Жаш майыптардын лидер мектебин уюштуруп иш жүргүзүп жаткан коом атайын Оштон келген. Алар лидерликке кызыккан жаштар менен иш алып барышат.

“Бала кыялы” деген коомдук бирикмеде майып балдарын үйдө карап отурган ата-энелер үйдө отурбай балдарын да ишке кызыктырып көз жоосун алган түрдүү зер буюмдарын жасап сатышат. Нарындын Ат-Башысында жашаган майыптардын ата-энлери да башкалардан артта калбай өздөрүнчө “Ак байрак” бирикмесин түзүп кооз чапандарды, оймо-чийме түшүрүлгөн улуттук кийимдерди тигип сатышат.Аутизм диагнозу менен ооруган балдардын ата-энелери да биригип,кооз чиймелер менен сүрөттөр түшүрүлгөн сувенир идиштерди жасай башташкан.  Гульмира Казакунованын айтымында аутизм диганозу коюлган балдарды орто мектептерге алышпайт экен. Гульмира эже аутист балдар кадимки эле балдардай экенин айтып, болгону аларга бир аз жардам бериш керектигин белгиледи. Аутист балдардын эенелери биригип таттуу боорсоктор менен түрдүү татымдарды бышырышат.

Майлы-Суудан келген Каныбек Базарбаев да Финляндиянын Абилис фондунан жардам алып, кулагы укпаган майыптарга массаж жасоону үйрөтүп жатат. Ош шаарында жашаган майып балдардын ата-энелери фонддун жардамы менен түрдүү кийимдрди тикчү чакан ишкана ачып иштеп башташкан.128 долбоордун ичинен “Балдар өмүр булагы” деп аталган уюм эң туруктуу деп саналат дейт Гульмира Казакунова.Алар Ысык-Көлдө жайгашып, такай бал челектерди өндүрүшөт.Ысык-Көлдөгү 13 уюм биригип ассоциация ачып иштеп жатышканын айтты.

Мумкунчулугу чектелген жарандардын колунан жаралган буюмдар жарманкеси болуп жатат Спорт сарайында. Келиниздер, колдойлу! Бугун саат 19:00го чейин болот. Кечикпейсиз. Келе бериниздер! Болушконунор учун озунчо таазим этем.

Опубликовано Altysha Lv Воскресенье, 16 сентября 2018 г.

 

Мамлекет тараптан пенсия менен жөлөк пул гана берилээрин айткан Гүлмира Казакунова мекемелерге кирип чыгууда пандустардын жоктугун айтып кейиди. “Майыпмын” деп жата бербей,өмүрүңөрдү колго алып, жашоо үчүн күрөшүү керек”- дейт Гүлмира Казакунова.

 

Өлкөбүздүн  7 облусунда жашаган майыптарды чакырып ошол юбилейге карата атайын жарманке уюштурулган. Андан сырткары буга республиканын бардык аймактарында чыгармачыл таланттардын кароо сынактары жургон. Анын жыйынтыгы менен 200 дөй чыгармачыл таланттар кечки саат 17:00до болуп өткөн гала-концертке катышып, өз чыгармачылыгын көрүүчүлөргө тартуулашты.

Ой-пикир кошуу

кирүү