Кыргызская Республика,
г. Бишкек
ул. Сыдыкова 187, офис 28
Макаланы жазган: Алтынай Арстанбекова
Евразия экономикалык комиссиясынын ички рынок, маалыматташтыруу, маалымат-коммуникация технолгиялары боюнча иш алып барган министри Карина Минасян айым Кыргызстандагы ИТ-секторунда чоң долбоорлор менен иштеген үлкөн резиденттери менен атайын жолугушуп,алардын жогорку технологиялар жаатындагы эмгектери менен таанышты.Бул баарлашуунун негизги максаты ЕАЭКтин 2025-жылга карата санариптик күн тартибин ишке ашыруудагы Кыргызстандагы телекоммуникация тармагында иш жүргүзгөн компаниялардын мүмкүнчүлүктөрүн баалоо болуп саналат.
Жолугушуу учурунда Минасян айым жергиликтүү Ит компаниялардын өкүлдөрүнө Евразия экономикалык комиссиясынын санариптик күн тартибин ишке ашыруудагы чечимдери жана долбоорлору туурасында айтып берди. Комиссиянын санариптик күн тартибинин алкагында ишке ашырылчу демилгелерге санариптик унаа коридорлору жана каржылык технологиялар, өндүрүш кооперциялары кирет. Жогорку технологиялар паркынын директору Алтынбек Исмаилов Кыргызстандагы маалыматтык-коммуникациялык акыбал жөнүндө айтып берди. Интернет секторунун өнүгүшүнө мамлекет тараптан көрүлүп жаткан жардамдар менен колдоорлор туурасында да жакшы пикирлер айтылды. Минасян айым Кыргызстандын ИТ секторундагы жакшы жетишкендиктерге чоң баасын берип, келечекте жемиштүү иштер боло тургандыгын белгиледи.
Автор: Бермет Джаныкулова Сүрѳт: Алина Печенкина Маалыматтарга жетүү – жарандардын маанилүү укуктарынын бири жана бул укук мыйзам жаратуу процессинде өзгөчө чоң роль ойнойт. Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө […]