Бүгүн Бишкекте ЖИА бизнес-ассоциациясы Эл аралык эмгек уюму менен биргеликте балдар эмгегин пайдаланууну жою жөнүндө семинар өткөрдү

Макаланы жазган: Алтынай Арстанбекова

«Пахта жана төө буурчакты өндүрүү жана сатуу схемаларын анализдөө менен Кыргызстанда балдар эмгегин жою жана алдын алуу» темасында өткөрүлгөн семинарга 42 мамлекеттик  мекемелердин жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү чакырылган. Эл аралык эмгек уюмунун Кыргызстандагы улуттук координатору Болот Ороковтун айтымында чоңдор төө буурчак тергени барбайт.Ордуна жаш балдарды жөнөтүшүп,балдардын эмгегин пайдаланышат.Анын айтымында Кыргызстан айыл-чарба продукцияларын өндүрүп экспортко чыгара тургандыгын жарыялаган.

Эл аралык эмгек уюмунун улуттук консультанты Канат Тилекеевдин айтымында Талас облусунда өндүрүлгөн төө буурчак, Жалал-Абаддагы жаңгак менен Ошто өскөн пахтаны жыйууда балдардын эмгеги пайдаланылат.Ошол жыйналган продукциянын көлөмүнөн эле ал талааларда балдар иштегенин билсе болот дейт Канат Тилекеев.

Ош обулусунан келген Зейнеп Эшмуратованын айтымында үй-бүлөдөгү жетишпестик мене ниш орундарынын жоктугу балдар эмгегин пайдаланууга алып келет.

Эл аралык Эмгек уюму Бириккен Улуттар Уюмунун адистештирилген агенттиги болуп саналат.Уюм 1919-жылы түзүлүп, социалдык адилеттүүлүк принциптерин жайылтат.2019-жылы Эл аралык эмгек уюму өзүнүн 100 жылдыгын белгилейт.

Ой-пикир кошуу

кирүү