Кыргызская Республика,
г. Бишкек
ул. Сыдыкова 187, офис 28
Макаланы жазган: Алтынай Арстанбекова
Тарыхтагы жана элдин эсинде көмүскөдө калган окуяларды, фактыларды, процесстерди изилдөө жана аңдап түшүнүү боюнча талкууда чет жактан келген окумуштуулар кыргыз элинин тарыхына саресеп салып,айрым маселелер боюнча доклад даярдашкан.Бул аянтчага 20-21-кылымдардагы Кыргызстандын жана Борбордук Азиянын тарыхына көз чаптырып, салым кошууга ынтызаар, ар түрдүү кесип ээлеринин өкүлдөрү чогулган.
Адамдын эс-тутумунда калып кеткен “басмачы” деген сөздүн маанисин же болсо “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинин бүгүнкү күндөгү мааниси туурасында тарыхтын талаш суроолору боюнча талкуулар жүрдү.
“Эсимде” долбоорунун аянтчасына Санкт-Петербургдагы Европа Университетинин профессору, белгилүү антрополог Сергей Абашин, Казакстандагы Л.Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин профессору Кулшат Медеуова, Чикаго Университетинин социлогия боюнча докторанты Moira O`Shea, тарыхчы философ Элери Битикчи жана башка тарыхчы изилдөөчүлөр чакырылган.
Семинардын биринчи бөлүгүндө тарыхчы изилдөөчүлөр Эс тутум менен Тарых, идеология жана тарых, советтик өткөн чак, басмачылыкка болгон түрдүү көз караштар, куугунтуктоолор темасында талкуу жүргүзүшөт.
Автор: Бермет Джаныкулова Сүрѳт: Алина Печенкина Маалыматтарга жетүү – жарандардын маанилүү укуктарынын бири жана бул укук мыйзам жаратуу процессинде өзгөчө чоң роль ойнойт. Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө […]