Баңгиликти токтотуу кыйын, бирок аны алдын алса болот

Макаланы жазган: Алтынай Арстанбекова

Кечээ Бишкекте “Кыргызстандагы баңгилик саясаты. Бүгүн жана келечек” темасында наркотикалык заттар боюнча эксперттер жана жарандык коом катышкан жолугушуу болду. Анда наркотикалык заттар боюнча эксперттер жаңы баңги заттары жана ага карата каралган жоопкерчиликтер жөнүндө кызуу талкуу жүргүзүштү.

“Зыянды төмөндөтүү тармагы” ассоциациясынын өкүлү Мадина Токтогулова мындан 20 жыл мурун наркотикалык заттарды колдонгон жарандар туурасында айтып,азыр наркомания абдан жашарып кеткенин белгиледи.

Ички Иштер Министрлигинин баңгизатка каршы күрөшүү кызматынын башкы адиси Тимур Исаковтун айтымында нашаа өндүрүлүп кенен сатылган Оганстан менен Кыргызстандын ортосундагы аралык болгону  250 эле клиометр. Бул, наркотикалык заттарды алып келүү, сатуу коркунучу Кыргызстанда алда канча көп экендигин далилдейт. Сорос-Кыргызстан фондусунун саламаттык сактоо боюнча программаларынын координатору Илим Садыковтун айтымында баңги заттарын колдонгондордун саны 10 миңдин тегрегинде. “Жыл сайын наркомандардын саны азайганы жакшы көрүнүш,бирок, глобалдуу фонд  тарабынан бөлүнгөн акча каражаттары да азаюда”- дейт Сорос фондусунун өкүлү.

Улан Сейитбеков тажрыйбалуу юрист. Ал өз кесибинде көптөгөн кылмыш иштерде адвокат болуп иштеген. Наркотикалык заттарды милиция кызматкерлери өздөрү таштап коюп, адамды соттотуп ийген учурлар көп дейт.

2019-жылдын 1-январынан тартып “Текшерүүгө алынган наркотикалык заттар жөнүндөгү” Өкмөттүн токтому өз күчүнө кирмекчи.  Ага ылайык кармалгандардын колундагы заттардын канча бөлүгү наркотикалык зат экени тыкыр аныкталып такталмакчы. 

Ой-пикир кошуу

кирүү