Назгүл Турдубекова: “Кароосуз калган балдар жетим балдар үйү менен интернатка караганда багып алуучу үй-бүлөгө муктаж”

Макаланы жазган: Алтынай Арстанбекова

Бүгүн Бишкекте атайын журналисттер үчүн жолугушуу  өтүп, анда жетим балдардын тагдыры талкууланды. Буга чейин мурунку система менен ата-энеси баш тарткан же тагдырдын айынан мамлекеттин кароосуна калган жетим балдар өкмөт тарабынан каржыланган балдар үйлөрүндө же болбосо интернаттарда тарбияланышчу. “Бала укугун коргоочулардын лигасы” коомдук фондунун жетекчиси Назгүл Турдубекованын айтымында  жетим балдар үйүнө караганда бала мээрим төккөн,түшүнө билген үй-бүлөдө тарбияланса анын инсан болуп калыптанышына чоң таасирин тийгизмек. Андыктан бул багытта Кыргызстанда атайын чоң долбоор өз ишин баштаган. 3 жылдан бери пилоттук негизде жетим балдарды үй-бүлөгө жайгаштыруу иштери жүрүп жатканын билдиришти. Бүгүнкү жолугушууга атайын Молдова республикасынан келген коноктор да чакырылган.Алар балдарды үй-бүлөдө багуу боюнча 7 жылдан берки тажрыйбасы менен бөлүшкөнү келишкен.

Журналисттер менен болгон жолугушууга социалдык өнүктүрүү министрлигинин балдарды коргоо башкармалыгынын башкы адиси Гүлзина Бообекова да келген. Анын айтымында 2014-жылдан бери жетим балдарды багуучу үй-бүлөгө аралаштыруу  иштери аткарылып, кароосуз калган 13 бала 8 үй-бүлөдө жашап жатат.

Жетим балдарды багуучу үй-бүлөгө жайгаштыруу долбоорунун алкагында аткарылып жаткан иштер туурасында айтып берүү үчүн Бишкек шаарынын Ленин райондук жана Чүй областынын Сокулук районунун социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын өкүлдөрүн чакырышкан.

Назгүл Турдубекованын айтымында бала багып алуу менен жетим баланы  багуучу үйгө жайгаштыруунун айырмасы чоң.Анткени, долбоордун максаты этап менен ишке ашып,жетим балдарды өзүнчө коом кылып бөлүп койгонго караганда үй-бүлөгө жайгаштырган алда канча пайдалуу.

Ой-пикир кошуу

кирүү