Парламентте Кыргызстан менен Тажикстандын жарандары бири биринин аймагына келгенде 60 күн каттоосуз жүрүшү талкууланды

Сүрөт: Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Макаланы жазган: Алев Мамытова

Бүгүн, 12- сентябрда, пленардык  жыйында депутаттар Кыргызстан менен Тажикстандын жарандары бири биринин аймагында катоосуз 60 күн жүрө алгандыгы боюнча маселени  биринчи окууда карап чыгышты.

Өкмөттүн пикири боюнча каралып жаткан бул макулдашуу эки өлкөнүн жарандарынын бири биринин аймагында тоскоолсуз жүрө алышы жана эки тарапка тең жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган.

Депутат Дастан Бекешев бул демилгени колдогонун  билдирип, кыргыз жарандары ID карта менен Тажикстанга барса болобу деп кызыкты. Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлү депутат кызыккан суроого “ооба,болот”-деп жооп берди. Эки өлкөнүн ортосундагы макулдашууга ылайык Кыргызстандын жарандары Тажикстандын аймагына ID картасын көрсөтүп кире алат. 

Бул документти кабыл алууда кайчы пикирлерин билдирип каршы чыккан депутаттар да болду. Алар өз каршылыктарын улуттук коопсуздукка коркунуч келтирет деген жүйөө менен түшүндүрүштү.

Мыйзам долбооордун биринчи окууда кабыл алынганы же алынбаганы эртеңки добуш берүүдөн билинет.

Ой-пикир кошуу

кирүү