Айыл-чарба тармагы камсыздандырылабы?

Макаланы жазган: Алтынай Арстанбекова

Жогорку Кеңештин депутаттары Мирлан Бакиров, Экмат Байпакбаев жана Гүлшат Асылбаевалар айыл-чарба тармагын камсыздандыруу маселесин көтөрүп чыгышты. Бул маселени талкуулоо үчүн борбор калаабыздагы мейманканалардын биринде айыл-чарба адистери да катышкан тегерек стол болуп өттү. Ал жолугушууга чакырылган эксперттер арасында айыл-чарба тармагындагы бүгүнкү көйгөйлөр менен жаратылыш кырсыгынан жапа чеккендерге мамлекет тараптан камсыздандыруу иш-чарасын киргизүү маселеси талкууланды.

Алдыга коюлган маселелер катары агро тармакты камсыздандыруудагы чечилбей келген маселелер, өсүмдүк өстүрүү жана мал-чарбачылыгын камсыздандырууга тоскоол болгон
проблемаларды таап чыгуу жана бардык тараптарга ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү сунушталды. Мирлан Бакировтун айтымында жыл сайын сел, суу ташкыны,жер титирөө сыяктуу жаратылыш кырсыктарынан көптөгөн фермерлер жапа чегип келишет. Эгер айыл-чарба тармагына камсыздандырууну киргизип койсо миллиондогон чыгымдарды тарткан фермерлерди мамлекет колдогон болот эле дейт депутат.

Ой-пикир кошуу

кирүү