Кыргызская Республика,
г. Бишкек
ул. Сыдыкова 187, офис 28
Макаланы жазган: Алтынай Арстанбекова
Көзү азиз майып акын Темирлан Ормуковтун айтымында бүгүн Бишкек шаардык сотто боло турган отурум дагы башка күнгө жылдырылгандыгына байланыштуу Бишкек шаардык сотунун судьяларына нааразычылыгын билдирип тартип комиссиясына келишкен.
Темирлан Ормуковтун айтымында бул сот иши 2016-жылдан бери созулуп келе жатат. 2008-жылы Республикалык майыптар коомуна көп кабаттуу үй пайдаланууга бекер берилген. Ал батирлер мыйзамсыз берилген деген себеп менен Темирлан Ормуков жана башка майыптардын үстүнөн иш козголуп, майыптар жашаган 163 квартира бүгүнкү күнү камакка алынган. Темирлан Ормуков бул маселе боюнча 14 жолу каржы полициясы, прокуратура, эсеп палатасы жана өкмөттөн текшерүү келгенин айтат.
Соттордун кайдыгер мамилесинен тажаган майып жарандар тартип комиссиясына Бишкек шаардык сотунун үч судьясынын үстүнөн бүгүн арызданышты. Алар камакта турган батирлеринде 10 жылдан бери жашаарын айтып, мындан ары маселе оорлоп баратканын билдиришти.
Автор: Бермет Джаныкулова Сүрѳт: Алина Печенкина Маалыматтарга жетүү – жарандардын маанилүү укуктарынын бири жана бул укук мыйзам жаратуу процессинде өзгөчө чоң роль ойнойт. Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө […]