Бүгүн Кыргызстандын Кореядагы элчиси Кылычбек Султан элчиликтердеги мыйзам бузуулар жөнүндө билдирүүлөрдү жасады

Сүрөт: Азаттык Үналгысы

Макаланы жазган: Алтынай Арстанбекова

Үстүбүздөгү жылдын 22-сентябрь күнү Түштүк Кореянын Сеул шаарынан учакка отурган Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министри Зууракан Каденованы мас абалында экени айтылып, анын ызы-чуу салганынан учак бир жарым саатка кармалгандыгын жазып чыгышкан.

Зууракан Каденованын мастыгын ырастаган далилдер бар экенин Кылычбек Султан журналисттерге окуп берип, чөнтөк телефонуна ал документин тартып алганын да көрсөттү. Министрдин орун басарынын ал кылыгын жашыруу жөнүндө  Ички Иштер министрлиги тараптан буйрук алганын да ачыктады.

Кыргызстандын Кореядагы элчиси Кылычбек Султан Тышкы Иштер министрлигиндеги, озгочо Малайзия республикасындагы элчиликтеги мыйзам бузуулар жонундо билдируу жасады.

Опубликовано Altysha Lv Понедельник, 24 сентября 2018 г.

Кореядагы элчи Кылычбек Султан Малайзияда иштеп  турганда ага чейин болгон мыйзам бузуулар боюнча маалымат берип, ага катышы бар деп бир нече ысымдарды атады. Анын айтымында мыйзам бузууга барган ал кызматкерлер айдалгандын ордуна  иштен көтөрүлүп,учурда чоң мамлекеттик кызматтарда иштеп жатканын кошумчалады. “Кыргызстандын аброюна шек келтирген ушул жана башка маалыматтарды УКМК, Тышкы иштер министрлиги өзү текшергени менен эч кандай жыйынтык чыгарган жок.Андыктан,мен президент Сооронбай Жээнбековдун өзүнө айтышым керек. Президентке жолугууга мага тоскоолдук кылып жатышат”-деп билдирди Кыргызстандын Түштүк Корея республикасындагы элчиси Кылычбек Султан.   

Ой-пикир кошуу

кирүү