Кооптуу коопсуздук кеңеши

Сүрөт / Султан Досалиев

Макаланы жазган: Нурбек Токтакунов

Кечээ Коопсуздук Кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев бир нече билдирүүлөрдү таратты. Ал боюнча массалык маалымат каражаттары Дамир Сагынбаевтин “Бишкек ЖЭБ (ТЭЦ) боюнча кылмыш ишиндеги көпчүлүк фактылар далилденди” деген сөзүн башкы тема кылып  жазып чыгышты.

Эскерте кетейин, фактылар далилденгенин бир гана сот ишенимдүү айта алат. Президент болобу же башка аткаминерлерби, айтоор бул маселе боюнча айта турган сөздөр башкача болуш керек эле. Мисалы: «Компетенттүү органдар тагылган айыптарды негиздүү деп эсептеп жатышат. ЖЭБдеги (ТЭЦ) кырсык боюнча айтылган бардык фактылар сотто далилденет деп ишенебиз”-дешсе башка кеп эле.

Тилекке каршы, биздин эл күнөөсүздүк жоромолун (презумпция невиноности) түшүнүп сыйлаганды билбейт.Ошондуктан өкүмдү чыгарууда соттор далилдер талашы менен жүргөн атааандаштык сот өндүрүшүнө эмес, президенттин айткандарына жана президентке баш ийген ушундай структураларга таянышат.

Эми, Коопсуздук Кеңешинин конститутциялыгы жөнүндө сөз кылууга убакыт келип жетти. Качан мен органдын конститутциялыгы жөнүндө айтканымда бул жөн гана юридикалык жактан сүйлөгөн сөз эмес. Бул, ошол орган мамлекеттик системасынын тең салмактуулугун бузуп, өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч алып келет.

Мындан ары мен Клара Сооронкулованын айткандары менен бөлүшөм.

“…Коопсуздук кеңеши Президент институтунун түзүмүнө кирет. Мындай кырдаал Президенттин  улуттук коопсуздукту камсыз кылуу системасындагы орду менен ролунда  белгисиздик менен эки жактуулукту түзөт. Бул тармакта түз ыйгарым укуктарга ээ болбой туруп президент, коопсуздук кеңеши аркылуу кыйыр түрдө чектелбеген ыйгарым укуктарга ээ болуп атат. Ал эми бул президенттин мамлекеттик механизмде конститутциядагы максатына каршы келет, мамлекет башчысынын позициясын күчөтөт жана парламент менен Өкмөттү алсыздатат.”(С)КС 

(«…Совет безопасности входит в структуру института Президента. Такое положение создает неопределенность, двойственность места и роли Президента в системе обеспечения национальной безопасности. Не имея прямых полномочий в этой сфере, Президент косвенно, через Совет безопасности имеет практически неограниченные полномочия, что противоречит конституционному предназначению Президента в государственном механизме, усиливает позиции главы государства и ослабляет парламент и Правительство». (С) КС)

Эми, Президент атайын кызматтардын жетекчилерин жана алардын орун басарларын дайындап толугу менен атайын кызматтарды көзөмөлдөгөнү аз келгенсип,башкы прокурорду дайындоого жана аны кызматтан бошотууга алда канча күчтүү таасир бере алат. Башкача айтканда, биздин өлкөдө бир гана президент каалаган адамды түрмөгө отургуза алат. Президенттин кол алдында  Коопсуздук Кеңеши да бар,ал ошол органды жетектейт.

Бул тизмеде Коопсуздук Кеңеши толук курамда жазылган:

1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы;

2) Кыргыз Республикасынын  Премьер-министри;

3) Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы;

4) Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри,анын милдеттерине укук-тартип сактоо жана коопсуздук маселелери кирет;

5) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин парламенттик көпчүлүк коалициясынын лидери;

6) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин оппозициялык фракциялар арасында көпчүлүк  мүчөлөрүнүн лидери;

7) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин коргонуу жана коопсуздук маселелери боюнча комитеттин жетекчиси;

8) Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат жетекчиси;

9)Коопсуздук Кеңешинин катчысы;

10) Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору;

11) тышкы иштер боюнча мамлекеттик органдын жетекчиси;

12) каржы иштери боюнча мамлекеттик органдын жетекчиси;

13) ички иштер боюнча мамлекеттик органдын жетекчиси;

14) өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик органдын жетекчиси;

15) улуттук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча мамлекеттик органдын жетекчиси;

16) коргонуу боюнча мамлекеттик органдын жетекчиси;

17) мамлекеттик чегараны кайткаруу боюнча мамлекеттик органдын жетекчиси;

Бул тар курамдагы Коопсуздук кеңеши:

1) Кыргыз Республикикасынын  Жогорку Кеңешинин төрагасы;

2) Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

3) Кыргыз Республикасынын куралдуу күчтөрүнүн  башкы штабынын жетекчиси;

4) Кыргыз Республикасынын  Президентинин аппарат жетекчиси;

5) Коопсуздук Кеңешинин катчысы;

6) Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору;

7) тышкы иштер боюнча мамлекеттик органдын жетекчиси;

8) ички иштер боюнча мамлекеттик органдын жетекчиси;

9) өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик органдын жетекчиси;

10) улуттук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча мамлекеттик органдын жетекчиси.

Коопсуздук кеңешинин тар курамы ыкчам чечимдерди талап кылган же калтырууга болбогон улуттук коопсуздук маселелерди парламентарийлердин катышуусу жок эле чогула алат. Башка учурга калтырылгыс ыкчам маселелер кантип аныкталаары иш жүзүндө такыр түшүнүксүз. Андыктан,Коопсуздук кеңеши тагдыр чече турган чечимдер такай тар курамдын катышуусунда кабыл алат.  

“Коопсуздук кеңеши жөнүндөгү” мыйзам жобосунунун анализи көрсөткөндөй учурдагы Коопсуздук кеңеш улуттук коопсуздук маселелерди чечкен мамлекеттик органдар иерархиясында үстөмдүк орунда турат. Бул орган пайда болгон убакыттан тартып азыркыдай  күчөтүлгөн рол менен маанилүүлүк буга чейин боло элек эле. Коопсуздук Кеңеши көз карандысыздыкты, аймактык бүтүндүктү,улуттук коопсуздукту жана аны ишке ашырууда көзөмөл жүргүзүүнү,укук коргоо органдарына көзөмөл кылууда, биридиктүү мамлекеттик саясатты алып барууда конститутциялык түзүмдү коргоо үчүн жумшалган  ички жана тышкы саясат маселелерине байланышкан чечимдерди  иштеп чыгат. Коопсуздук Кеңеши – Улуттук коопсуздук маселесиндеги бирдиктүү саясатты көзөмөлдөп чечүүчү органдан өтө маанилүү тескөөчү-көзөмөлдөөчү органга айланып калды. Коопсуздук Кеңеши улуттук коопсуздук маселелери жагынан Жогорку Кеңеш менен Өкмөттү да басып өткөн таасирдүүконститутциянын үстүндөгү, супер түзүмгө айланып калды десек болчудай. Чын чынына келгенде Коопсуздук Кеңеши улуттук коопсуздук маселелери тармагында мамлекеттин аткаруу бийлигине кийлигишип,өкмөттүн ишмердигин көзөмөлдөп, ар тараптан таасир бере алат. Мындай кийлигишүү бир беткей мүнөздө болуп жатат. Анткени,улуттук коопсуздукка коркунуч же зыян келтирген чечимдерди аткаруу бийлигине таңуулаган Коопсуздук Кеңешинин жоопкерчилиги мыйзамда көрсөтүлгөн эмес.

Бийликтин эч бир бутагына кирбеген, бир дагы органга баш ийбеген жарым жартылай жашыруун  шарттарда чечимдерди кабыл алган Коопсуздук Кеңеши түрдүү саясий шарттарда карама-каршы ролду аткара алат”. (С) КС

Аткаруу бийлигинин системасына кирген мамлекеттик структуралардын жетекчилеринин отчетторун уккан Коопсуздук Кеңеши мааниси боюнча парламенттин ордунда болуп жатат. 

Өз алдынча саясий фигура болбогон,Президентке түздөн түз баш ийген Президенттин аппарат жетекчисинин Коопсуздук кеңешине кошулушу Президенттин бул органда чечим кабыл алышын мурдагыдан да күчөтүп жатат. «Ошону менен, Президент колуна бийлик топтоп алыш үчүн жагымдуу шарттар түзүлүп жатат. Коопсуздук Кеңешинин төрагалык кызматын да аткарган Президенттин пайдасына башка органдардын ыйгарым укутары да өтүп жатат”. (Таким образом созданы благоприятные условия для опасной концентрации власти в руках Президента, «вымыванию» полномочий других органов в пользу Президента, совмещающего должность Председателя Совета безопасности». (С) КС

Биздин милдет эскертип коюш керек. Асиз,бир саясий күч бардыгын басып алуу менен коомчулукта тирешүүнү күчөткүчөктү отуруп күтө бериңиз.

Автордун пикири редакциянын пикири менен төп келбеши мүмкүн.

Ой-пикир кошуу

кирүү