Оңдолуп жаткан жолдор боюнча шаардыктардын суроолору

Макаланы жазган: Алтынай Арстанбекова

Өткөн дем алыш күндөрү социалдык тармактардын айрым пайдалануучулары Бишкектин Лев Толстой көчөсүндөгү жолдун чекесине эски бетон тосмолору (бордюрлар) кайрадан коюлуп жатканы жөнүндө катуу талкуулашкан. Прецедент Инфонун чыгармачыл тобу Лев Толстой көчөсүнө барып чындыгында жол чекесине эски бордюрлар кайрадан коюлуп жатканына күбө болушкан. Алтынай Арстанбекованын facebook социалдык тармагына чыккан түз эфиринде эски бордюрларды цементтеп кайра коюп жаткан жумушчуларды көрсө болот. Ошол тасмада бул маселеге байланышкан көптөгөн суроолор берилип, жооп берчү тарапка да өз пикирин айтууга мүмкүнчүлүк бериле тургандыгы эскертилген. Көп узабай Ленин райондук акимчилиги Лев Толстой көчөсү боюнча толук маалымат берүү үчүн байланышка чыгышты.

Лев Толстой кочосундогу эски бордюрлар боюнча Ленин райондук акимиаты суроолорго жооп берди.

Опубликовано Altysha Lv Понедельник, 24 сентября 2018 г.

Лев Толстой көчөсүн кескен мурунку Баха, азыркы Дооронбек Садырбаев атындагы көчө кытайдын Чайна-Роуд компаниясы тарабынан оңдолуп жатыптыр. Кыргыздын белгилүү инсаны Дооронбек Садырбаевтин атын алып жүргөн бул көчөнүн 4 километри оңдолуп бүткөрүлүп, пайдаланууга берилгени турат дейт Ленин райондук акимчиликтин кызматкери.

Ленин райондук акимчиликтин кызматкерлери шаардагы кайсы жерде мыйзам бузуу болуп жатса түз эле акимчиликке кабар берип маалымдашын суранды.

Ой-пикир кошуу

кирүү