2019-жылдын август айынан тарта ЕАЭБтин талаптарына ылайык келбеген күйүүчү заттар Кыргызстанга киргизилбейт

Макаланы жазган: Алтынай Арстанбекова

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында айрым мыйзам долбоорлорго киргизилген өзгөртүүлөр боюнча талкуулар жүрдү.

Депутаттар “Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө” жана “Экологиялык экспертиза жөнүндө” мыйзам долбоорлорун үчүнчү окууда карашты. Бул мыйзам долбоорлору жөнүндө Агрардык саясат,суу ресурстары,экология жана аймактык өнүгүү комитетинин төрагасы Айтмамат Назаров доклад жасады.

Айтмамат Назаров, Жогорку Кеңештин депутаты (Кыргызстан). Сүрөт: Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

“Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө” мыйзам долбоорундагы 23-берененин 1-бөлүгү редакцияланып, мындан ары “Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) техникалык регламенттеринин талаптарына туура келбеген отунду жана күйүүчү-майлоочу материалдарды Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүүгө тыю салынат.2019-жылдын 12- августунан тартып Кыргызстан аймагына К4 экологиялык класстан төмөн болгон унаа безнинди жана дизелдик отунду жүгүртүүгө киргизүүгө жана жүгүртүүгө ЕАЭБ аймагында кабыл алынган тийиштүү техникалык регламенттердин талаптарын эске алуу менен жол берилет”-деп берилүү сунушталды.

 

Жыйындын жүрүшүндө депутаттар айлана-чөйрөнү коргоо боюнча жогоруда айтылган аракеттерден башка дагы кандай чаралар жүргүзүлүп жатканына кызыгышты. Эл өкүлдөрү Бишкек шаарындагы абанын бузулушунан улам дем алуу органдарынын ооруулары күч алганын белгилешти. Руслан Казакбаев экологияны коргоо багытында эл аралык Киото протоколуна ылайык долбоорлорду жазып 100 миллион долларга чейин гранттык каражат алуу мүмкүнчүлүгүн пайдалануу керектигин өкмөт мүчөлөрүнүн эсине салды. Бишкек шаарындагы абанын нормадан ашык булганышы унаа каражаттарынын көптүгүнөн улам болуп жатканын депутаттар белгилешти. Жыйынтыгында аталган мыйзам 3-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Ой-пикир кошуу

кирүү