«Антивейп» демилгеси

Макаланы жазган: Бекболот Касаболотов

Жайында депутаттар тарабынан демилгеленген мыйзам долбоорлору эки айлык  жайкы эс алуудан бери көбөйүп чогулуп калган. Ушундай мыйзам долбоорлордун бири бул электрондук тамекилерди пайдаланууга тыю салуу.

Кыргыз Республикасынын жарандарын тамеки тартуунун зыяндарынан жана тамеки түтүнүнүн айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасиринен коргоп калуу жөнүндөгү”  мыйзамдын жаңы долбоору Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун тамекиге каршы күрөшүү боюнча катчылыгынын отчетунда берилген сунуштамаларга карап иштелип чыккан. Бул мыйзам долбоордун демилгечиси депутат Алмазбек Токторов.

Мыйзам долбоорго жазылган тактама-негиздемеде учурда иштеп жаткан мыйзам жаңыга караганда өзгөчөлүктөрү аз болсо да өз максатына жете алган жок деп эсептейт демилгечи депутат. Андыктан Токторов мыйзамдын жакшыртылган вариантын сунуштап жатканын айтты.

Депутаттын ою боюнча жаңы өзгөртүүлөр 100 пайыз тамеки түтүнү жок жайларды камтыйт.Тагыраак айтканда, турак жайлардан сырткары бардык имараттарда тамеки тартууга тыю салынат.

Бул максаттарга жетүү үчүн электрондук тамекилерди тартууга да тыю салынат. Мыйзам долбоордун 13- беренесинде Кыргыз Республикасынын жарандарынын саламаттыгын айлана-чөйрөдөгү тамеки түтүнүнөн сактоо үчүн (аэрозоль), тамеки тартууга, анын ичинде суу түтүкчөсү аркылуу тамеки тартуу (кальян), тамекини ысытуу менен башка түрлөрүн тартууга, никотин алып келген же алып келбеген электрондук тамекилерге толугу менен тыю салынат. Тамеки тартууга тыю салган жайлардын тизмеси менен төмөндө тааныша аласыздар.

Мындан сырткары бул өзгөртүүлөр жарандардын ден-соолугун коргоодо баа жана салык ыкмалары аркылуу тамеки тартууну азайтууга багытталган жана тамеки продукциясын сатууда өбөлгө болгон реклама-жарнактарга жана демөөрчүлүккө тыю салат. Көрсөтүлгөн бул тыю салуулар никотин жеткирген электрондук тамекилердин бардык түрүнө жана аларга кирген суюктуктар, аккумулятору бар тамеки тартуучу системаларга да колдонулат. Электрондук тамекилер Кыргызстандын рыногунда жакында эле пайда болуп, жаштар арасында тез тарап, көп колдонулат. Дүйнө жүзүндөгү түрдүү өлкөлөрдүн өкмөттөрү жана эл аралык уюмдар менен илимий коомчулук тамеки тартуунун зыяндуулугу боюнча өз ой пикирин билдиргиче тамекини пайдалануу өзүнчө эле субмаданиятка айланып калды. Ушундай эле субмаданият Кыргызстанда да бар.

Ой-пикир кошуу

кирүү