Кыргызская Республика,
г. Бишкек
ул. Сыдыкова 187, офис 28
Макаланы жазган: Алтынай Арстанбекова
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы кызматына талапкер катары азыр Жогорку Кеңеште 5 талапкер отурат.
Парламенттеги Бир-Бол партиясы укук коргоочу Рита Карасартованын талапкерлигин көрсөтүшкөн. Ал эми Ата-Мекен партиясы белгилүү юрист Канатбек Азизди алып чыгышкан. КСДП партиясынан Токтокүчүк Мамытовду көрсөтүү чечими кабыл алынган. Андан сырткары Акыйкатчы-Омбудсмен институнун өзүндө иштеген эки кызматкерди Маматурайим Момунов жана Рыскул Бактыбаевди да Бир –Бол партиясы көрсөтүп чыккан.
Акйыкатчыны шайлоо жөнүндөгү маселе каралаар алдында, алгач комиссия түзүлдү.Фракция жетекчилери Иса Өмүркүлов, Алтынбек Сулайманов жана Алмамбет Шыкмаматовдор өз талапкерлерин тааныштырышты.Ар бир талапкер депутаттарды өз программасы менен тааныштырган соң , берилген суроолорго жооп беришти. Суроолор жумшак,жеңил болгон жок. Дастан Бекешев Токтокүчүк Мамытовко 3 айдан кийин 63 жашка чыгаарын эскертти. Ал эми Канатбек Азизден “Ата-Мекен партиясынын мүчөсүзбү”-деп сурады. Канатбек Азиз 2011-жылдан бери партиянын мүчөлүгүнөн кеткендигин айтты.
Депутат Ирина Карамушкина менен Карамат Орозовалар талапкерлердин арасындагы жалгыз аял заты болгон Рита Карасартовага добуш берүүнү кесиптештеринен суранып кетишти.
Депутат Бахадыр Сулейманов Токтокүчүк Мамытовдун эки кызматта отурганын сындап,эки жактан алган айлыгы жөнүндө суроолорду берди. Мамытов менен Сулеймановтун ортосунда кайым айтышуу жаралып, бийик үн менен сүйлөшүүгө чейин барышты.
Жаш депутат Жанар Акаев Акыйкатчыны шайлоонун өзү акыйкат өтүш керек деген оюн айтты. Депутаттар укук маселесине байланышкан, кылмыштуулук, жаш балдардын бузулган укуктары жөнүндөгү суроолорду берип жатышты.
Автор: Бермет Джаныкулова Сүрѳт: Алина Печенкина Маалыматтарга жетүү – жарандардын маанилүү укуктарынын бири жана бул укук мыйзам жаратуу процессинде өзгөчө чоң роль ойнойт. Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө […]