Өмүрлүк жубайдын коркуткандарын пайдаланып ажырашуу маселесин тездетсе болобу?

Макаланы жазган: Жибек Кенжебекова

“Жубайымдын коркуткандарын пайдаланып ажырашуу процессин тездетсе болобу?”-деп бизге суроо менен кайрылышыптыр.

Никени бузуу (ажырашуу) ЗАГС органдарында жүргүзүлөт. Же болбосо аныкталган негиздерге карата(балдары бар болсо, балдарын талашып жатышабы жана б.у.с) сот аркылуу ажырашат.

Жубайдын коркутуулары ажырашуу процессин тездете албайт. Анткени ар бир иштин мөөнөтү болот. Сот өндүрүшү жүрүп жаткан учурда жубайыңыз сот иштеринин убактысын атайын созуктуруп жаткан болсо, анда албетте, жубайыңыздын коркунучтарын далил катары көрсөтүп анын атайын мөөнөттү созуктуруу аракеттерин кылып жатканын айтыңыз.

Коркунучтардын мүнөзү чоң мааниге ээ. Бул туурасында укук коргоо органдарына билдирүү мүмкүнчүлүгү бар да.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 113-беренеси:

“Өлтүрөм деп коркуткандыгы боюнча жетиштүү негиздер болсо, бул коркутуулардын иш жүзүнө ашышынан коркуш керек  — 3 жылга чейин же 3 жылга чейинки убакытка эркинен ажыратылат”.

Ой-пикир кошуу

кирүү