Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн согуштун ардагерлери жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгесин кайра комитетке кайтарды

Макаланы жазган: Алтынай Арстанбекова

Улуу Ата-Мекендик согушта курман болгондордун же дайынсыз жоголгон адамдардын  жакындарына социалдык кепилдиктерди берүүгө багытталган “Согуштун,Куралдуу күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктагы ардагерлер жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, тармактык комитетке кайра жиберилди. Мыйзам долбоорду Аида Салянова демилгелеген.

Аида Салянова, сүрөт: Kloop

Депутат Исхак Пирматов тармактык комитет Өкмөттүн сунушу боюнча мыйзам долбоорун четке кагуу чечимин кабыл алганын билдирди. “Бул жерде эч кандай деле саясат жок,жакшы долбоор”-деди Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин төрагасы Исхак Пирматов. Анын айтымында бул мыйзам долбоор боюнча көп талкуу жүргөн жана түрдүү пикирлер айтылган.Мыйзам кабыл алынып калса аны аткарууга Өкмөттүн мүмкүнчүлүгү жок экенин билдирген. Өкмөт бул мыйзамды аткаруу үчүн каржылоо булагын таба алган эмес. “Анткени мыйзамды ишке ашыруу үчүн 20 миллиард сом керектелет”-деди эл өкүлү.

Исхак Пирматов, Жогорку Кеңештин депутаты (Бир Бол). Сүрөт: Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Башка депутаттар долбоордун жакшы экенин белгилешип, Өкмөт менен чогуу дагы иштеп чыгуу зарылдыгы турганын айтышты. Алмамбет Шыкмаматов согушта курман болгон ата-бабалардын арбагын сыйлап каражатты жакшылап издеп тапса болоорун айтты.

Алмамбет Шыкмаматов, Жогорку Кеңештин депутаты (Ата Мекен). Сүрөт: Улан Асаналиев

Жыйынтыгында бул мыйзам долбоору тармактык комитетке экинчи окуунун режиминде кайра кайтарылды.

Ой-пикир кошуу

кирүү