Кенжебек Бокоев: Кыргызстандын 90% суусун Казакстан менен Өзбекстан бекер пайдаланып жатат

Сүрөт: Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Макаланы жазган: Алтынай Арстанбекова

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Кенжебек Бокоев “Суу сактагычтарда топтолгон суунун 90% Казакстан менен Өзбекстан бекер пайдаланууда” – деп айтты. Ал үчүн кошуналар акча төлөш керектигин эл өкүлү кошумчалады.

 

Кенжебек Бокоев, Жогорку Кеңештин депутаты (Республика – Ата-Журт). Сүрөт: Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.

Айыл-чарбасы менен тыгыз байланышкан элет тургундарынын жашоосу кубанаарлык эмес экенин айткан депутат быйылкы түшүм жылдагыдай мол болгону менен баасы өтө төмөн болду деди. “Буурчактын баасы 30-35 сомдон, ал эми кара өрүк 8 сомдон ашык баага сатылган жок.Дыйкандардын мээнети акталбай жатат”-деди. Кенжебек Бокоев дыйкан-фермерлерге өндүргөн продукцияларын экспортко чыгаруу маселесинде жардам көрсөтпөй жаткан айыл-чарба министрлигинин ишин сындады. “Эмне үчүн айыл-чарба министрлиги бул багытта иш жүргүзбөйт? Дегеле алар эмне иш кылышат?”-деген сын пкирин айтты депутат.

Кенжебек Бокоев өз сөзүндө өлкөдөгү суу сактагычтардагы абалдын начардыгын айтып,бул маселеге Өкмөт жакшы көңүл бөлүшүн сурады. “Таласта 2 миң гектар суу астында калган. Киров суу сактагычында биз сууну топтоп Казакстанга берип жатабыз.Кыргызстандын суу сактагычтарындагы топтолгон суунун 90 пайызын Өзбекстан менен Казакстан бекер пайдаланат.Өкмөт алардан суу үчүн акча алуу жагын карап чыгыш керек”-деди депутат.

Сайдолимжон Джураев, Жогорку Кеңештин депутаты (СДПК). Сүрөт: Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында транспорт жана жол министри Жамшитбек Калиловдун дарегине да сын пикирлер айтылды. Депутат Сайдолимжон Жураев министр ээлеген кызматына ылайыктуубу же жокпу ошол маселени карашыбыз керек деди.”Эң коррупциялашкан министрлик бул унаа жана жол министрлиги эсептелет.Эсептөө палатасы текшергенден кийин 2017-жылы министрлик тараптан 351 миллион сом каржынын тартиби бузулганын аныктаган.Мурунку жылдары да ушундай эле кемчиликтер бар экени билинген.Биз министрдин бул кызматка ылайыктуулук миаселесин карашыбыз керек”-деди депутат. Андан сырткары мисал катары Баткендеги Исфайрам дарыясындагы көпүрөнүн курулушу бир жарым жылдан бери токтоп турганын айтып, “кура албагандан кийин неге пландаштырат?”-деп сурады. Ош-Баткен-Исфана автожолунда бир да жумуш жүргүзүлбөй жатканын айткан депутат жолдогу асфальттар сыйрылып, начар абалда экенин билдирди.  

Ой-пикир кошуу

кирүү