Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы болуп Токтокүчүк Мамытов шайланды

Макаланы жазган: Алтынай Арстанбекова

26-сентябрьда Жогорку Кеңештин депутаттары кечки саат 17:00дөн кийин жашыруун добуш мерүү менен Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысын шайлашты.

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы-Омбудсмени кызматына КСДП парламенттик фракциясынан талапкер катары көрсөтүлгөн Токтокүчүк Мамытов 79  депутаттын добушун алып шайланды.

Эскерте кетсек, парламенттин 3 фракциясынан биригип Акыйкатчы кызматына 5 талапкер чыккан.Бир-Бол фракциясы белгилүү укук коргоочу Рита Карасартова менен кошо Акыйкатчы-Омбдусмен аппаратында көп жылдан бери иштешкен Маматурайим Момунов жана Рыскул Бактыбаевдерди көрсөтүшкөн. Ал эми Атам-Мекен фракциясы таанымал юрист Канатбек Азизди алып чыгышкан.

Токтокүчүк Мамытов 1953-жылдын декабрь айында Ысык-Көл областынын Балыкчы шаарында төрөлгөн.Анын Генерал-лейтенант чини жана профессор наамы бар.Токтокүчүк Мамытов буга чейин Премьер-Министрдин кеңешчиси жана Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын төрагасы болуп иштеген.

Мурунку Акыйкатчы Кубат Оторбаев үстүбүздөгү жылдын 27-июнунда өз каалосу менен арыз жазып кызматтан кеткен.

Ой-пикир кошуу

кирүү