Махабат Мавлянова: Ноокатта онкологиялык оорулар күч алды

Сүрөт: Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Макаланы жазган: Алтынай Арстанбекова

Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова Ноокаттагы цемент заводунан чыккан кара түтүндүн айынан жергиликтүү жашоочулар арасында онкологиялык ооруулар күч алгандыгын парламенттик жыйын учурунда айтты.

Депутат айымдын айтымында көп жылдан бери иштеп келе жаткан цемент чыгарчу завод Кулатов жана Ынтымак айыл өкмөттөрүнүн ортосунда жайгашкан. Ал заводдон чыккан кара түтүндүн айынан экология бузулуп, жергиликтүү тургундар арасында онкологиялык оорулар күчөп жатат. Мындай маселе менен ноокаттыктар өздөрү депутатка кайрылышкан.

Депутат Мавлянованын айтымында экотехинспекция кызматы түтүн айлана чөйрөнү булгап кара түтүн чыгарган фильтрди алмаштыруу боюнча заводдун жетекчилигине кайрылышкан экен,бирок, ал талап аткарылбай жатыптыр.Эл өкүлүнүн талабы убактынча ал заводду жаап туруп, түтүн булаткан тетикти заманбап үлгүсүнө алмаштыруу. Мамлекеттик чиновник азырынча оозэки түрүндө гана “жыйынтыгын айтабыз”-деп эле кыскача жооп берип кутулду дейт депутат. 

Ой-пикир кошуу

кирүү