Кыргызская Республика,
г. Бишкек
ул. Сыдыкова 187, офис 28
Макаланы жазган: Алтынай Арстанбекова
Жогорку Кеңештин Ата-Мекен фракциясынан депутат Бахадыр Сулеймановтун экинчи жарандыгы бар экенин массалык маалымат каражаттары жазып чыкты.
Бахадыр Сулеймановтун өзүнүн пикринде бийликтеги чоңдорду сындаганы үчүн анын жарандыгына байланышкан маселени жыл сайын көтөрүп турушат. Депутаттын айтымында кош жарандуулукка күнөөлөгөн текшерүү буга чейин 4 жолу болгон. Борбордук шайлоо комиссиясы 2013-жылы да бир сыйра текшерип өзүнүн жыйынтыгын чыгарган. Бирок,депутат мырза Казакстанда төрөлүп чоңойгонун мойнуна алат.
“Токон Мамытовдун эки кызматта отурганын сындап койсом Сулеймановтун кош жарандыгы бар деп мени дагы текшерип башташты”-дейт депутат. Бахадыр Суйлейманов Казакстанда төрөлгөнү менен Кыргызстан көз карандысыздык алгандан бери кыргыз жараны болуп жашаганын кошумчалады.
Депутат мырза бири-бирибизди аңдып,чукулабай өлкөнү өнүктүрүү керектигин айтып, майда-барат маселеге алаксыбашыбыз керек деди.
Автор: Бермет Джаныкулова Сүрѳт: Алина Печенкина Маалыматтарга жетүү – жарандардын маанилүү укуктарынын бири жана бул укук мыйзам жаратуу процессинде өзгөчө чоң роль ойнойт. Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө […]