Иса Өмүркулов: Сырттан өздөрү келген инвесторлорго жакшы көңүл бурулбай жатат

Макаланы жазган: Алтынай Арстанбекова 

Бүгүн Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын жыйыны болуп, анда өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүгүн өнүктүрүү багытында Өкмөттүн иш-аракеттери талкууланды.

Ишкердикти алып баруу рейтингинде Кыргызстандын көрсөткүчтөрү туурасында Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров доклад жасады. Аскаровдон башка дагы Айыл-чарба,мелиорация жана азык-түлүк өндүрүшү министрлигинен, унаа жана жол министри, өнөр-жай,энергетика жана кен иштетүү мамлекеттик комитетинин жетекчиси, улуттук статистикалык комитеттен, салык кызматынан жана ветеринария, фитосанитария боюнча мамлекеттик инспекцисынын төрагасы Калысбек Жумакановтор чакырылган.

КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов Өкмөт мүчөлөрүнө сырттан келген инвесторлор жөнүндө суроо берди.Анын айтымында чоң инвесторлорго Өкмөт тараптан анча жакшы көңүл бурулбай жатат. Кыргызстанда ишкерлик жүргүзүүгө ниеттенген инвесторлор менен Өкмөттүн жада калса меморандум түзбөй баш тарткандыгын Өмүркүлов сындады. Анын пикиринде меморандум түзүп кол кою бул эч нерсеге милдеттендирбейт.

Ирина Карамушкина Тогуз-Торо районуна барып келгенин, ал жактагы колунда жок деп эсептелген үй-бүлөнүн үйүндө экиден ую жана беш кою бар экенин айтты.Анын пикиринде жакыр үй-бүлөлөр жок, жашоо оңолуп жатат. Бирок, көптөгөн гектар жерлерге эгилген картошканы сата албай кыйналып жатышат.Тогуз-Торолук дыйкандар депутатка жардам сурап кайрылышкан.Анткени,өндүргөн жер-жемиштерин Өзбекстанга алып өтө алышпайт. 2018-жыл аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыяланганы менен алыскы райондордо жеткиликтүү иш жүрбөй жатканын айтты депутат.

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров депутаттын суроосуна жооп кылып алыскы райондордогу дыйкандарга жардам катары логистикалык иштер жүргүзүлүп жатканын айтты.

Мындан сырткары Өкмөт мүчөлөрүнүн ишин КСДП фракциясынын бир топ депутаттары сындап, мындан ары иш-аракеттерди күчөтүш керектигин айтышты.

Ой-пикир кошуу

кирүү