Калысбек Жумаканов: Кытайга 17миң эшек жөнөттүк

Макаланы жазган: Алтынай Арстанбекова

КСДП фракциясынын бүгүнкү жыйынында Өкмөттүн экспорттоо потенциялын өнүктүрүү жаатында талкуу жүрүп, ага Вице-Премьер-Министр Замирбек Аскаров баш болгон Өкмөт мүчөлөрү келишкен.

Депутат Рыскелди Момбеков Өкмөт мүчөлөрүнөн кайсы өлкөлөргө кандай товар же азык-түлүктү көп тапшырабыз деп сураганда, Өкмөттүн алдындагы ветеринария жана фитосанитария боюнча мамлекеттик инспекцисынын төрагасы Калысбек Жумаканов Кытайга 17 миң эшек жөнөтүлгөнүн айтты. Мындай маалыматты күтпөгөн КСДПчылар күлүп жиберишти. Калысбек Жумакановтун айтымында эшектен башка Кытайга Кыргызстандан 1000 тонна ич эти, 240 тонна бал жана руда экспорттолот.

Рыскелди Момбековтун айтымында Кыргызстан чет өлкөгө эң көп алтын жана кен байлыктарды экспорттойт. Кыргызстан Белорусия, Россия Федерациясы,Түркия жана Кытай республикасы менен көбүрөөк кызматташып,жалпы соода жүгүртүү көлөмү 6 миллиард доллар өлчөмүндө экенин депутат айтты. Түркия менен болгон Кыргызстандын ортосундагы соода жүргүзүү 180 миллион доллар өлчөмүндө болуп, ал жактан бизге көбүнчө кийим-кечек алынып келинет.

Ой-пикир кошуу

кирүү