Адам укуктары боюнча бүткүл дүйнөлүк декларациянын 70 жылдыгына даярдык

Макаланы жазган: Алтынай Арстанбекова

Бүгүн 1-октябрда адам укуктарын коргоо боюнча декларациянын 70 жылдыгына арналган иш-чаралардын 70 күндүгү башталды. Буга байланыштуу Бириккен Улуттар Уюмунун Бишкектеги үйүндө атайын тегерек стол уюштурулуп, ага Бириккен Улуттур Уюмунун курамындагы бардык багыттардын жетекчилери катышты.

БУУ системасынын туруктуу координатору, БУУнун өнүктүрүү программасынын туруктуу өкүлү Озонниа Ожиело мырза 70 жыл мурун дүйнө кабыл алган адам укугу ошол күндөн бүгүнкүгө чейин өзүнүн маанилүүлүгүн жогото электигин айтты.

Адам укугу боюнча жогорку комиссар башкармалыгынын аймактык өкүлү Ришард Коменда мырза декларациянын пайда болушуна батыш өлкөлөрү гана себепчи эместигин,бул расмий документти жазууда Кытайдан,Австралия,Советтер Союзунан,Чили,Франция,Улуу Британия жана Канададан да өкүлдөр келишкенин белгиледи.

1948-жылы адам укугу боюнча бүткүл дүйнөлүк декларация кабыл алынып, ушул 70 жылдан бери адам укугун коргоо күнү жыл сайын 10-декабрда белгиленип келет.Быйылкы 70 жылдык юбилейге карата Бириккен Улуттар Уюму чоң иш-чараларды өткөрүүнү 2017-жылы эле пландаган.Бул максатта Кыргызстанда бир жылдан бери түрдүү багыттагы долбоорлор иштеп келген болсо, эми 2018-жылдын сентябрь айынан 10-декабрга чейин “Адам сатууга каршы 100 күн” аттуу маалыматтык кампания жүрүүдө. Андан сырткары “Эркиндик үчүн 50” жана “Жаштар үчүн коопсуз жумуш” аталышындагы долбоорлор иштеп жатат.

Ой-пикир кошуу

кирүү