Монополия же кантип дары-дармектер менен камсыз кылуу керек?

Макаланы жазган: Алтынай Арстанбекова

Бүгүн Бишкекте социалдык жактан маанилүү оорууларды айыктыруу үчүн дары-дармектердин жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү боюнча чоң талкуу жүрдү.

Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук кеңешинин төрагасы Айбар Султангазиевдин айтымында кабыл алынган жаңы мыйзамдын тегерегиндеги жаңжалдар азырынча токтой элек. “Дары-дармектерди жүгүртүү жөнүндөгү” иштеп жаткан мыйзамда дары-дармек каражаттары жөнүндөгү жобо кабыл алынып, жаңы нормативдик укуктук актылар иштеп жатат. Бул иш-аракеттерге карабай дары-дармектерге болгон баалар коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу кымбат бойдон калууда.Мисал катары гемодиализге муктаж болгон ооруулуулар үчүн сатылып алынып жаткан дарыларды айтса болот дейт Айбар Султангазиев.

Ушул эле учурда Кыргызстанда сатылып жаткан айрым дары-дармектер монополиялык абалды ээлеп, алардын жогору баада сатылышын шарттап жатат. “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү” мыйзам өлкөнүн дарыларды сатып алуудагы мүмкүнчүлүктөрүн сактап калууда.Андыктан бул мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү керек деп эсептешет адистер. Сорос-Кыргызстан фондусунун саламаттыкты сактоо боюнча программалардын координатору Илим Садыковтун айтымында мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн эки гана жолу бар.

“Дары-дармектерди жүгүртүү жөнүндөгү” мыйзамга айрым өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү боюнча Өкмөт тараптан каршы пикирлер айтылганын адистер белгиледи.Жаңы сунуштарга өз каршылгын каржы министрлиги билдиргени айтылат.

Дары-дармектер маселеси боюнча бүгүнкү чоң талкууга Жогорку Кеңештин депутаттары,Саламаттык сактоо министрлигинин тиешелүү адистери жана КРнын Өкмөтүнүн алдындагы мамлекеттик сатып алуулар боюнча департаменттин өкүлдөрү чакырылган. Талкуунун жыйынтыгы боюнча катышкан тараптар мыйзамга өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү боюнча өз ой-пикирлери менен кошо ал жаңы сунуштарды колдоорун билдиришти.

Ой-пикир кошуу

кирүү